Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

ОРУСИЯ: ЖУРНАЛИСТТЕР СОЮЗУ КӨЧӨДӨ КАЛАБЫ?


Төрөкул Дооров, Москва Орусияда басма сөз эркиндигине байланыштуу дагы бир жаңжал тутанганы турат. Мамлекеттик мүлк боюнча федералдык агенттик Орусиянын журналисттер Союзун бир айдын ичинде азыр ээлеген имаратынан чыгып кетүүнү талап кылды. Журналисттердин бирикмеси муну «басма сөз эркиндигин кысмактоо аракети» деп сыпаттап, имаратты бошотпой тургандыгын айтып чыкты.

Эгерде Орусиянын Журналисттер Союзу соңку эки жылдан бери кандай нукта иштеп келгенин эске алсак, бул жолку жаңжалга эмне себеп болгонун билүү кыйын деле эмес.

2006-жылдын октябрь айы. Кремлди чечен согушу үчүн катуу сындап келген журналист Анна Политковскаяны белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Өлкөнүн Журналисттер кеңеши «Общая газетанын» чыгарылышын толугу менен журналистке арнайт. «А.Политковскаянын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сөзсүз ачылышы керек», - деп билдирет кеңеш.

2007-жылдын апрели. Орусияда «макул эместер» деген ат менен оппозициянын маршы өтөт. Милиция тарабынан кармалгандардын арасында бир топ корреспондент да бар. Журналисттер кеңеши бийликтерден аларды тез абактан бошотууну талап кылат.

Мунун баары - соңку жылдары аталган кеңеш өлкө боюнча жүргүзгөн иштердин айрымдары гана. Ошон үчүнбү, айтор, Мамлекеттик мүлк агенттигинин талабын Журналисттер уюмунун баш-катчысы Игорь Яковенко «коркутуп-үркүтүү» аракети катары кабыл алды.

Биз комментарий сурап, Москвадагы «Эстремалдык журналистика» борборунун директору Олег Панфиловко кайрылдык.

- Мында «саясий өңүт» бар экени даана көрүнүп турат. Орусиянын экс-президенти Борис Ельциндин жардыгы менен имараттын азыр Журналисттер кеңеши жайгашкан бөлүгү аларга мөөнөтсүз убакытка берилген. Андыктан Мамлекеттик мүлк агенттиги «аны бошоткула!» деген талабы менен экс-президенттин жардыгына каршы аракет кылууда, демек, мыйзамды бузуп жатат. Анын үстүнө, Орусияда азыр көз-карандысыз журналисттердин укуктары бузулуп жатканы тууралуу жалгыз гана Журналисттер Союзу кабарлап турат.

Панфиловдун ишениминде, Журналисттер кеңеши менен болуп жаткан проблема ушул жылы өтө турган парламенттик, келерки жылкы президенттик шайлоолор менен да байланыштуу. «Бийлик шайлоо алдынан маалымат мейкиндигинде «тазалоо иштерин» өткөрүп жатат», - дейт ал.

Журналисттер Союзу азырынча Зубов бульварындагы имаратынан чыкпай турганын билдирди. Орусиянын Мамлекеттик мүлк агенттиги болсо, бүт иш мыйзам чегинде гана жүрүп жатканын, ал аймакта бир эле Журналисттер кеңеши эмес, бир топ башка уюмдар да имараттарын бошотушу лаазым экенин билдирип чыкты. Анын үстүнө, Мамлекеттик мүлк агенттиги Журналисттер союзунун имаратында көп эрежелердин бузулганын тааптыр. Көрсө ал жерде аталган кеңеш айрым башка ишканаларга да бөлмөлөрүн ижарага берип келген экен.

Иши кылып, Журналисттердин бирикмеси айланасындагы проблемалардын баары жакында, 28-майда, Москвада өтө турган конгрессте да талкууга алынаары күтүлүүдө. Кабарчылардын дүйнөлүк конгрессине бир топ мамлекеттерден 160 журналисттик уюмдар катышмакчы жана алар, эң оболу, Орусиядагы сөз эркиндиги тууралуу сүйлөшөт.

«Экстремалдык журналистика» борборунун директору Олег Панфилов: «Конгрессте сүйлөй турган сөзүмдө төмөнкү маселелерди көтөрөм», - дейт.

- Цензуранын кайра колдонулушу, журналисттерге басымдын күчөтүлүшү – негизги проблемалардан. Анткени соңку мезгилдерде көз-карандысыз журналисттерге каршы козголгон кылмыш иштеринин көлөмү кескин өсүп кетти. Орусияда азыр жылына 50 дөн ашуун журналист соттолот. Менимче, кабарчыларга каршы мынчалык көп иш козгогон башка мамлекет жок, - дейт Панфилов.

Кабарларга караганда, сөз болуп жаткан имарат Орусияда жакындан тарта иштей баштаган Russia Today деген англис-тилдүү телекомпанияга берилет. Ал - телеканал Орусиядагы алгачкы англис-тилдүү сыналгы каналы. Журналисттер союзу болсо аны «Кремлдин пропагандалык кызматы» деп да атаганга үлгүрдү. Бирок бул каналдын жетекчилиги таркаткан маалыматта айтылгандай, журналисттердин уюму менен мамлекеттик мүлк агенттиги ортосундагы чатакка Russia Today дин эч кандай тийиштиги жок.
XS
SM
MD
LG