Кыргызстан менен Тажикстандын окшоштук жактары көп. Эки өлкөнүн аймагы тоолуу келип, мунай, газдын кени жокко эсе. Калкынын саны жана экономикалык абалы боюнча дээрлик бирдей деңгээлде. Бирок суу жана гидроэнергетикалык байлыгы арбын. Ошондуктан Бишкек менен Душанбе Өзбекстан жана Казакстан менен суу-энергетика тармагында кызматташууда бирдиктүү позицияны карманууга аракет кылып келет. Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, эки мамлекеттин мамилеси жакшы , бирок кызматташуусунун потенциалы толук ачыла элек:
-Ошол мүмкүнчүлүктөрдү толук пайлануу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы активдүү иштеп, биринчиден айыл чарбада, экинчиден электр энергетикада, үчүнчүдөн өнөр жайы боюнча көп кызматташууга мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыш керек. Ал эми гуманитардык багытта биз Тажикстандагы кыргыздарга жардам берүү жагына өзгөчө көңүл бурушубуз керек.
Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесине көлөкө түшүрүп келген жагдайлар да жок эмес. Ал эки өлкөнүн чек арасынын такталып бүтө электиги, анклавтардан өтүүдөгү проблемалар. Эки мамлекет чек араны тактоо боюнча беш жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келатат. Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым келет. Анын 460 чакырымдайы делимитацияланды. Аныкталып, такталган чек ара сызыгы тоо жактарда дейт Аламанов:
-Азыр тоо жактар менен жүрүп жатабыз. Тоо жактар менен жүргөндө жеңилиреек. Анткени тоонун кыры менен эле баратабыз. Анан өрөөнгө түшсөк кыйынчылыктар башталат.
Эки мамлекет чек ара сызыгын кайсы документтердин негизинде аныктоо боюнча да орток пикирге келе элек. Маселен, Тажикстан 1924-1927-жылдардагы документтердин негизинде, ал эми Кыргызстан 1958-59-жылдардагы документтердин негизинде аныктоону жактоодо.Бирок тараптар талаш-тартыш туудурбаган тоолуу райондордогу чек ара сызыгын аныктай берүү чечимине келишкен. Бул иштин үстүнөн аракеттенген чек араларды делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссия келерки айдын жыйырмаларында Душанбе шаарында сүйлөшүүгө чогулушат.
Ал эми эки өлкөнүн соодасынын көлөмү өтө деле көп эмес. Өткөн жылы ал 26 миллион доллар болуп, 2005-жылга салыштымарлуу 7% өскөн. Анын ичинде Кыргызстандын экспортунун көлөмү 17 миллион долларга жакынды түзүп, оң сальдо менен аяктаган.
Мына ушундай шартта жасалган Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин Тажикстанга сапары бүгүн аяктайт. Ал эми тажик президенти Эмомали Рахмон ушул жылдын күз айларына жакын Бишкекке расмий сапар менен келмекчи. Ошентип, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов белгилегендей жалпы саясатта эки өлкөнүн мамилеси жакшы деңгээлде. Бирок чек арадан, анклавтардан өтүүдө, суу пайдаланууда жергиликтүү калктар карама-каршылыктарга туш болуп келүүдө. Ал эмес ушундай карама-каршылыктан январь айында Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов да жабыркай жаздаган. Бирок турмуш-тиричиликтик деңгээлдеги мындай түшүнбөстөрдү ырбатпай, жалпы мамилени оңдоого эки тараптын тең аракет бар.