Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

18- МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1867-жылдын май айында кытай чапкынынан качкан дунгандар Тарбагатай аймагын басып алууга аракет жасашкан. 1948-жылы Фрунзе шаарында «Телефон сурамжылоо» китепчеси жарык көргөн.

Кытай чапкынынан качкан дунгандар 1867-жылдын май айында Тарбагатай аймагын басып алууга аракет жасашкан жана алардын көздөгөн максаты кандайдыр бир даражада ишке ашкан. Алар 18-майда казак-орустардын Түштүк-Тарбагатай отрядына кол салышкан. Айыгышкан күрөштө орус аскерлери жеңишке жетишип, дунгандар качып, алар Үрүмчүдөн-Манаска чейинки айыл-кыштактарды тыптыйпыл кылып чаап кетишкен.

Пишпек элдик депутаттар Кеңешинин төрагасы А. Платов 1919-жылдын 18-майында шаардык тургундардын ичкиликке берилишине каршы каардуу билдирүү менен кайрылды. Ал ичкиликтин зыяны туурасында эркектерге өзүнчө, аялдарга өзүнчө түшүнүк берген.

Фрунзе шаарында «Телефон сурамжылоо» китепчеси 1948-жылы жарык көргөн. Сурамжылоо чектелүү тираж менен чыккандыктан, ал дароо таңсык китеп даражасына жетип, бүгүнкү күнгө анын бир нускасы да калбаганы китеп күйөрмандарын өкүндүрбөй койбойт.

Ленинграддык минералогиялык музейдин Фергана өрөөнүнө жасаган экспедициясы 1924-жылдын бу күнү албан ийгилик менен аяктады. Александр Ферсман жетектеген экспедиция өрөөндөн радий орун алган бай кен запасын ачкан. Кийин ал өндүрүшкө киргизилип, Совет мамлекетинин өнөр жайы үчүн үзүрлүү иштеп берди.

18-майды дүйнөлүк коомчулук музейлердин эларалык күнү катары белгилейт. Кыргызстанда бу майрам 1979-жылдан бери салтанаттуу майрамдалып, музейлерди көрктөндүрүүгө, алардын тематикалык сапатын арттыруу багытында иш чаралар жасалып келет. Өлкөдө орун алган музейлер совет мезгилинде ишке киргизилгени менен музей кызматкерлери экспонаттарды жаңыртуу багытында эмгектенгени байкалат.

Фрунзе шаарындагы мурдагы Борбордук базар, азыркы Жеңиш аянтында бир күн мурун башталган «Базар бунту» 1967-жылдын бу күнү басылды. Борбордук базарда милиция кызматкерлери Исмайылов деген жоокерди сабагандан коогалаң чыгып, базарга келген адамдар укук коргоо кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Бунттун натыйжасы 1 адамдын өлүмү, 3 адамдын жаракат алышы менен бүткөн. Күтүүсүз козголгон калк Биринчи май, Свердлов Ички иштер бөлүмүнүн мекемелерин талкалап, бир канча милиция машиналарын өрттөшкөн.
Кыргыз ССР Жогорку Соту «базар бунттун» 17 катышуучусуна «жалпы башаламандык уюштурган» жана «мамлекеттик кылмыш» деген жаза менен 5 жылдан 15 жылга чейин соттогон.

Бу күнү, 1048-жылы теңдешсиз акын, улуу ойчул Омар Хайям, 1868-жылы орус императору Николай II, 1906-жылы кыргызстандык дунган акыны Ясыр Шиваза жарык дүйнөгө келген.


Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG