Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

НАЗАРБАЕВ ӨМҮРҮНҮН АЯГЫНА ЧЕЙИН ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Казак парламенти жума күнү конституцияга орчундуу өзгөртүү киргизип, парламенттин ылдыйкы палатасына шайлоону партиялык негизде өткөрүүнү чечти. Андай сунушту президент Нурсултан Назарбаев шаршемби күнү киргизген, өз кезегинде парламент дагы демилге көтөрүп, эч ким эки мөөнөттөн ашык президент болбош керек деген чекти алып салды.

Акыркы жылдарда көптөгөн мурдагы советтик жумуриятта саясий реформа жүргүзүлүп, алардын башкаруу системасы президенттик бийликтен парламенттик башкарууга өткөрүлүп жатат. Айрым өлкөлөрдө андай реформанын айынан кризис да чыгууда, бирок Казакстанда андай демилгени президент Нурсултан Назарбаев өзү көтөрдү.

Назарбаевдин сунушу боюнча, президенттик мөөнөт 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартылат, парламенттеги орундардын саны 116дан 154кө чейин көбөйтүлөт жана ылдыйкы палата - Мажилистин депутаттары толугу менен партиялык тизме менен шайланат. Өкмөттү отставкага кетирүү боюнча парламенттин укуктары күчөтүлдү, мисалга, андай чечим үчүн мурдагыдай депуттардын үчтөн экисинин эмес, жарымынын эле добушу жетиштүү. Бирок аны менен бирге президентке - премьер менен консультация өткөргөндөн кийин парламетти таратып жиберүү укугу дагы берилди.

Президенттин мындай демилгелерин парламент колдоду жана жума күнү эки палата тең андай өзгөртүүлөрдү конституцияга киргизүүгө макул болду. Бирок аны менен катар бир нече депутат демилге көтөрүп, конституцияга дагы бир өзгөртүү киргизип, эч ким эки мөөнөттөн ашык президент болбош керек деген конституциялык чектөө өлкөнүн биринчи президентине карата колдонулбайт деген кошумча кабыл алынды:

- Мадинов, Нехорошев жана башкалар кирген депутаттар тобунун сунушу боюнча конституциянын 42-беренесинин 5-бөлүмүнө - бул чектөө Казакстандын биринчи президентине карата колдонулбайт деген кошумча киргизилди. Биринчи президенттин жаңы, эгемендүү Казакстанды негиздөөгө зор салым кошконун баалап, ал баштаган саясий жана экономикалык реформаларды бүтүрүү керек болгондуктан, биргелешкен комиссия ал сунушту кабыл алды, - деп билдирди жума күндөгү талкуу учурунда депутат Эрмек Жумабаев.

Дагы бир депутат Амангелди Айталынын пикиринде, мындай өзгөртүүлөр бүткүл казак мамлекетинин кызыкчылыгында:

- Менин пикиримде, бул өзгөртүүлөр Назарбаевдин кызыкчылыгында эмес, мамлекеттин кызыкчылыгында, анткени биз азыр оор кезең алдындабыз. Биз эйфорияга алдырбаш керекпиз, анткени саясий партиялар менен байланыштуу өлкөдө проблемалар башталышы мүмкүн, ошондой эле маселелер улуттук азчылыктар менен, парламенттин укуктары кеңейгени менен байланыштуу да чыгышы ыктымал. Ошондуктан бизге акылман, тажрыйбалуу жетекчи керек, - дейт Айталы.

Назарбаев президент болуп алгач 1991-жылдын декабрында беш жылга шайланган, 1995-жылдын апрелинде анын президенттик мөөнөтү референдум аркылуу узартылган. Андан соң конституция өзгөртүлүп, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин көбөйтүлгөн жана 1999-жылдын январында Назарбаев жаңы конституция боюнча кайрадан биринчи жолу деп президент шайланган жана 2005-жылдын декабрындагы шайлоодон кийин анын расми түрдөгү экинчи президенттик мөөнөтү башталган. Эми болсо ал өмүрүнүн аягына чейин президент болду.

XS
SM
MD
LG