Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО ЭМНЕ ТОСКООЛДУК КЫЛЫП ЖАТАТ?


Конституциялык сот бир айдан ашык убакыттан бери «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароого киришпей турат. Алгач соттун ишти баштоосуна кворумдун жоктугу себеп болуп келген. Ал кемчилик эки судьянын шайланышы менен четтетилди. Бирок ага карабай маселе ордунан жыла элек. Бул ирет иштин жылуусуна Президент, Жогорку Кеңеш жана Конституциялык соттун ортосундагы түшүнбөстүктөр себеп болуп жаткандай.

Премьер-министр Алмаз Атамбаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун президент 10-апрелде Жогорку Кеңешке жолдогон. Парламент өз кезегинде корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко долбоорду дароо эле жөнөткөн. Бирок сот ушул кезге чейин ишти кароого киришпей турат. Конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариевдин билдирүүсүнө караганда, маселени кароого президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан ишенимдүү өкүлдөрдүн дайындалгандыгы тууралуу каттын Конституциялык сотко келбей жатышы себеп болууда. Ал эми президент тарабынан ишенимдүү өкүл болуп дайындалган президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев жана Жогорку Кенештин ишенимдүү өкүлү болгон депутат Иса Өмүркулов Конституциялык сот бизди чакырбай жатат деп айтышууда. Бирок мына ушундай түшүнбөстүктөр соттун маселени кароого киришүүсүнө тоскоолдук кылып жатса, аны чечүүгө даярдыгын депутат Иса Өмүркулов билдирди:

- Жумушчу топтун мүчөсү катары жаңы конституцияны кабыл алынышына кызыкдар депутаттардын биримин. Эгерде Конституциялык сот биздин эле катты күтүп отурган болсо, албетте, мен эртең эле ал катты Жогорку Кеңештен жолдотом.

Оппозициялык саясатчылар болсо бийлик конституцияны өзгөртүүнү каалаган жери жок, ошондуктан эч ким кыймылдыбай жатат деген пикирде. Демократиялык күчтөрдүн биримдиги саясий партиясынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов мына ушундай ойдо:

- Бул конституциялык реформаны жүргүзүүгө саясий жетекчиликтин ыкласы жок. Ошондуктан эки жылдан бери- ал эле, бул эленин тегерегинде келе жатпайбызбы. Анан азыркы болуп жаткан жагдай деле ошол окуялардын уландысы.

Конституциялык сот корутунду бергенден кийин да Атамбаевдин долбоорунун парламентте 50 добуш алуусу кыйын дейт Байболов:

- Парламенттин өзүндө да ыклас жок. Ал жерден өтүшү да күмөн. Себеби ал жерде көп нерсе Акүйдөн келген илепке байланыштуу болуп калбадыбы .

Жогорку Кеңеште президентке лоялдуу болгон «Мекен» депутаттык тобунун лидери Искендер Гаипкулов долбоорду өткөрбөй коюу максаты жана андай сөз жок дейт:

- Андай сөз жок. Конституция биринчи келсин. Андан кийин көрөбүз. Бул деген (конституциялык реформа) баарыбыздын кызыкчылыгыздагы нерсе да.

Коомчулуктун өкүлдөрү конституциялык реформа тезирээк болуп, саясий күчтөр тил табышса деген пикирде. Анткени реформа канчалык кечеңдеген сайын тирешүүнүн жаңы мөөнөтү ошончолук жакындап, күзүндө эмне болоор экен деген күдүктөнүү күчөй берери турган иш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG