Челябинскиде орус оппозициясынын «макул эместер» маршы ушул саатка карата аяктады. Чынында, бул жөө жүрүш эмес, митинг гана болгон. Жергиликтүү бийликтер митинг өткөрүүгө гана уруксат беришиптир. «Биз» деп аталган кыймылдын жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы Кирилл Штифоновдун айтымында, борбордук көчөлөр аркылуу жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берилбесе да, алар көчөгө чыгышты.
- Уруксат берилбегенине карабай, азыр 150 дөй адамдын катышуусунда жүрүш өтүп жатат. «Бизге башка Орусия керек!», «Путин, өзүң кет!» деген лозунгдарды көтөрүп баратабыз. Биз азыр митинг өтчү жерге барышыбыз керек, - деп билдирди «Биз» деп аталган кыймылдын ал жердеги башчысы Кирилл Штифонов.
Челябинскиде «макул эместердин» митингине анын уюштуруучулары 150 дөй адам катышты дешсе, укук коргоо органдары 50 дөй эле киши келди дешет. Ал жерде «макул эместер» менен жарыша «Жергиликтүү дене-тарбиячылардын» да митинги өттү. 200 дөй спортчу лыжанын таяктарын алып, «Бизге кыш керек!», - деп ураалап, «макул эместердин» үнүн да баса кыйкырып жатышканы айтылды.
Ички иштер органдарынын айтымында, Челябинскидеги эки митинг тең тынч өттү. Кармалгандар тууралуу кабар жок.
Ишембиде бул өңдүү окуялар Москва областындагы бир топ шаарларда да болду. Бирок адамдар бул жерде орус оппозициясын эмес, бийликтерди колдогон лозунгдарды көтөрүп чыгышкан. Негизги жөө жүрүш Люберцы шаарында уюштурулду. Иш-чараны «Местные» деп аталган уюм баштаптыр. Анын катышуучуларынын бири айткандай, алардын иш-чарасы оппозициянын аракеттерине жооп иретинде өткөрүлүүдө.
- «Орустар макулдук үчүн» деп аталган биздин иш-чарабыз «псевдо орус маршын» өткөрүп, биздин коомду бөлүп жарууну каалагандарга жооп иретинде жүргүзүлүүдө, - деди анын катышуучуларынын бири Мария Шаповалова.
Айрым кабарларга караганда, Кремлди колдогондордун бул митингдерине 20 миңдей адам катышкан. Аларды атайын автобусдарда тийиштүү жерлерге алып келишкени кабарланууда.
Орусиядагы соңку митинг-демонстрациялар, байкоочулардын айтымында, алдыдагы шайлоолор менен байланыштуу болуп жатат. Өлкөдө быйыл парламенттик, келрки жылы президенттик шайлоолор өтмөкчү. «Макул эместер» маршын Гарри Каспаровдун «Башка Орусия», экс-премьер Михаил Касьяновдун кыймылы жана башка оппозициячыл бирикмелер уюштуруп, июнда да айрым ири шаарларда ушундай эле жыйындарды өткөрүүнү пландап жатышканын айтышты.
Кечээ Самарада Орусия менен Евробиримдиктин кезектеги саммити өттү. Ага карата шаарда «Макул эместер» өздөрүнүн маршын өткөрүүгө аракет кылышкан. Бирок анын лидерлерин Москвадагы аба-майданынан чыгарбай коюшту.
- Аба-майданында биздин белеттерибиз менен паспортторубузду алып коюшту. Текшерүүлөр беш саатка созулуп, жыйынтыгында аба-майданынын кызматкерлери интернет аркылуу сатып алынган биздин белеттерди компьютерден таппай коюшканын айтышты. Ошентип 13 адамды өткөрбөй коюшту. Алардын арасында «Wall Street Journal», «The Daily Telegraph» гезиттеринин кабарчылары да бар эле. Ал эми учакка отургуч талондорду айрымдарга бергенден кийин да, көпкө текшерүүлөрдү өткөрүп олтуруп, акыр аягында «Рейске кечиктиңер» деп, аларды учакка отургузбай коюшту, - деди Гарри Каспаров.
Бирок Самарадагы саммитте орус президенти В.Путин «оппозициянын маршы аны эч кабартырга салбай турганын» билдирди.