Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Н.Бордюжанын айтымында, аймактагы айрым бир маселелерди чечүүдө талаш-тартыштар жок эмес. Бирок, кайсы маселелер талаш туудуруп жатканын купуя калтырган баш катчы, бардык учурда тараптар акырында бир пикирге келип жатышканын айтты. Серепчилердин баамында талаш-тартыш жараткан маселелердин ичинде Кыргызстандын аймагында жайгашкан АКШ аба майданы да бар. Бул аба базанын Кыргызстанда турушу уюмдун айрым өлкөлөрүнө, айрыкча Орусияга жага бербейт дешет.
Н.Бордюжа болсо, жалпы аймактагы коопсуздукту сактоодо уюмдун орду өтө зор экендигин баса белгилеп, аскердик күчтөр аркылуу коопсуздукту сактоодон тышкары маалымат коопсуздугун сактоо үчүн кызматташтык күчөтүлгөнүн билдирди:
- Бүгүнкү күнү кайсы бир өлкөдөгү тынчтыкты бузуу үчүн аскердик күчтүн деле кереги жок. Бул үчүн маалымат технологиялары менен атайын даярдыктан өткөн адистердин чакан тобу жетиштүү. Ошондуктан маалымат коопсуздугу аскердик коопсуздук сыяктуу эле маанилүү маселе.
Уюмдун Коргоо министрлер кеңешин 2007-жылдын экинчи жарымынан тарта 2008-жылдын экинчи жарымына чейин Кыргызстандын Коргоо министри Исмаил Исаков жетектемекчи. Анын айтымында, уюмдун алкагындагы кызматташтыктын эң негизги максаты коопсуздук маселеси. Ошондой эле ал уюмдун баш катчысы менен болгон сүйлөшүүдө Кыргызстандын армиясына мыкты адистерди даярдоо жана өз ара машыгууларды өткөрүп туруу жаатында сөз болгонун баса белгиледи. Бул жылы да ушул сыяктуу кызматташуунун алкагында аскердик машыгуулар өтө турганын айткан министр, кай жерде, качан өтө тургандыгын айтуу али эрте дейт.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, өзүнүн Орусияга болгон иш сапары учурунда да бул уюмдун алкагында кызматташуу тууралуу кеп болгондугун билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда бир гана чет өлкөлүк аскердик база бар. Ал АКШнын “Ганси” аба базасы. Канттагы аба база болсо Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна таандык болгондуктан, ал Кыргызстандын да базасы - дейт төрага. Ошол себептүү анын ырасташынча, Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү уюмдун Канттагы базасын күчөтүү, түштүк чегараны чыңдоо, ал жакка аскерлерди жайгаштыруу маселесин көтөрүп жатат. Бул учурда АКШ аба базасынын маселеси кайрадан каралышы ыктымал деген жоромолдор бар. Бирок, М.Султанов, АКШ аба базасы Ооганстанга гана багытталган деп эсептейт. Андай болбогон учурда базанын Кыргызстанда турушуна негиз жок:
- Элчи менен жолугушканда мен айттым. Эгерде, бизде ушул база биздин негизги кызматташтарыбыз болгон Орусияга же башка өлкөлөргө, мисалы Иранга, Иракка багытталган болсо, анда биз маселени токтоосуз түрдө башкача коёбуз.
Эми күз айларында Жамаатык коопсуздук келишими уюмунун Коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өтмөкчү. Байкоочулар бул жыйында да АКШ базасы тууралуу кеп болорун болжоп жатышат.