Үркүн айынан Кытайга качкан кыргыздардын 100 миңдеген адамдары 1917-жылдын бу күндөрү мекенине көчүп келе баштаган. Алар өз убагында 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшкө катышып, орус колониалдык бийлигинин кыргынынан коңшу өлкөгө качкан. Кыргыздардын Үркүнгө караганда Кытайдан кайра кайтканы оор мүшкүл менен коштолгон. Эгер, адегенде алардын мал, жаңы түгөл күч кубат менен Кытайга барса, коңшу мамлекеттен алардын мал, мүлкү тонолуп, айрым адамдар кайра коколой башы менен жолго түшкөн. Албетте, алардын көпчүлүгү жол азабын жана жокчулукту көтөрө албай аска, таш арасында калган. Качкындар Пишпек жана Пржевальск уездине жайгаштырылып, аларга үй, жай бөлүү жана адегендеги жардам көрсөтүү сыяктуу маселелер менен Убактылуу өкмөт өкүлдөрү жана Ташкент кеңешинин депутатары шугулданышкан.
Түркстан коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети жана Жетисуу областтык Аткаруу комитети 1922-жылдын бу күнү Тоолуу областты куруу туурасындагы Р. Кудайкуловдун билдирүүсүн угушту. Жыйын соңунда биргелешкен тарап Тоолуу областты куруу али эрте экендигин жана ал үчүн күрөшкөн кыргыздардын ичинде биримдик жок экендигин белгилешкен.
Түркстан Республикасынын Элдик комиссарлар кеңеши, 1924-жылдын 22-май күнү Агартуу боюнча Элдик комиссарларга караштуу музей тарыхый эстеликтерди, искусство жана табиятты коргой турган Түркстан комитетин уюштуруу туурасында чечим чыгарды. Жаңы уюшулган комитет Түркстан аймагында археологиялык чалгындоо жүргүзүп, тарыхый эстеликтерди каттап, аларды реставрациялоо ишин жүргүзмөк.
Аталган комитеттин ишмердигинин натыйжасында, Кыргызстан орун алган Манастын күмбөзү, Бурана, Өзгөн минареттери сыяктуу көөнөргүз тарыхый эстеликтер оңдолуп, азыркы абалына келтирилген.
1957-жылдын бу күнү борбор шаарда Кыргызстан жаштарынын I фестивалы ишин баштады. Фестиваль алкагында областтык топтордун чыгармачылыгы, концерт жана спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Мындан тышкаары Дзержинский көчөсү убактылуу «Фестивалдык» аталып, анда күнү-түнү аттракцион жана оюн, зооктор көрсөтүлүп атты.
Кыргыз малчарба Институндагы эксперименталдык ферманын зоотехниги Чынгыз Айтматов 1954-жылдын бу күнү, республикалык маалымоо каражаттары аркылуу Украинанын Россия курамына кабыл алынышынын 300 жылдыгын кызуу куттуктоосун билдирди. Анда кыргызстандык адистер малчылык боюнча тажрыйба алышуу максатында Украинанын колхоз, совхоздоруна барып тургандыгы, мындай көрүнүш эки бир тууган элдин баш кошуп, биригишинен улам мүмкүн болгондугу белгиленет.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1954-жылдын бу күнкү жардыгы менен Министрлер кеңешине караштуу мамлекеттик коопсуздук Комитетин уюштурган. КГБнын биринчи төрагасы болуп Александр Терещенко дайындалган.
Аксы окуясынан кийин кандуу кагылыштын чыгыш себеби жана ага жол берген мамлекеттик кызматкерлердин катышы териштирилип, 2002-жылдын 22-майында К. Бакиев жетектеген өкмөт отставкага кетирилди.
Бу күнү, 1813-жылы айтылуу композитор Рихард Вагнер, 1859-жылы жазуучу Артур Конан Дойл, 1924-жылы француз ырчысы Шарль Азнавур жарык дүйнөгө келсе, 1826-жылы атактуу орус тарыхчысы Н. М. Карамзин дүйнөдөн өткөн.