Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

БЕКТЕМИР АКУНОВДУН ЖАКЫНДАРЫ СОТМЕДЭКСПЕРТИЗАНЫН ТЫЯНАГЫ МЕНЕН МАКУЛ ЭМЕС


16-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча жергиликтүү соттук медициналык экспертиза анын өлүмү муунуудан улам болгон деген жыйынтыгын чыгарды. Бирок маркумдун жакындары сотмедэкспертизанын мындай тыянагына макул эместигин билдиришүүдө. Алар акыйкаттык издеп, президент менен өкмөт башчыга жана эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарга кайрылаарын айтып жатышат.

Бектемир Акуновдун бир тууганы Калыбек Акунов облустук соттук медициналык экспертиза акыйкат жыйынтык чыгарган жок деген күмөнүн билдирди. Анын айтуусунда Бектемир Акунов өз өмүрүнө өзү кол көтөрүп, өз мойнуна өзү кылтак салмак эмес:

-Байкемди өзүнө кылтак салып, асынган деген жыйынтык чыгарды. “Асынган” деген сөзү кашаага алынган. Мына ушул биздин күмөнүбүздү туудуруп жатат. Биздин оюбузча экспертизанын жыйынтыгы так экендигине сотмедэксперттер өздөрү да ишенбейт. Аларга кысым болгон деп ойлойбуз.

Калыбек Акуновдун айтуусунда анын бир тууганынын ээгинде сыйыртмактын эмес, тепкинин изи турган. Мына ошол такты сыйыртмактын изи деп белгилеп беришиптир дейт ал:

-Мойнунда эмес, ээгинде гана так болгон. Ал так сыйыртмактын эмес, тепкендин же чапкандын тагы болчу, муну баарыбыз көргөнбүз.

Атасынын өз өмүрүн өзү кыйбагандыгына Бектемир Акуновдун уулу Урмат да ишенет. Ал “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзүндө милиционерлер атасын бир күн мурун эле өлтүрүп коюшуп, туугандарына “асынып өлдү” деп эртеси күнү түштө угузушкан деген шегин билдирди:

-Анткени атамдын денесинде тамтык жок болчу. Сыйрылган, тытылган, көк ала болуп, мээсине чейин кан куюлган. Атамды булар сабагандан кийин таңга маал өлтүрүп алышкан. Түштө саат 12де асынган эмес.

Урмат Акуновдун билдиргени боюнча Бектемир Акуновдун cөөгүнө жүргүзүлгөн соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгынын көчүрмөсү маркумдун жакындарына берилген эмес, алар кол менен актай кагазга гана көчүрүп алууга жетишкен.

Буга чейин Нарын шаарынын прокурору Кеңешбек Токтомамбетов Бектемир Акуновдун өлүмү ал асынып алгандыгынын натыйжасында болгондугун расмий жарыялаган эле. Ал соттук медэкспертиза башка себептерди аныктай албагандыгын да белгилеп, ал эми маркумдун денесиндеги сыйрылган ж.б. тактар жеңил гана жаракат экендигин, булар адам өлүмүнө эч кандай себеп болоалбай тургандыгын соттук медициналык экспертиза тактады деп билдирген.

Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча түзүлгөн көз карандысыз экспертиза тобунун мүчөсү, кесиби боюнча дарыгер Накен Касиев Акуновдун өлүмү күч колдонуудан улам келип чыккан деген бүтүмүн билдирген. Накен Касиевдин айтуусунда Акуновдун боору жаракат алган, ал эми жаракаттын эмнеден улам пайда болгондугу гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы тарабынан ачыкталмак. Бирок маркумдун жакындарынын айтуусунда жергиликтүү сотттук медициналык экспертизанын жыйынынтыгында гистологиялык экспертизанын корутундусу тууралуу сөз жок.

Маркумдун жакындары жергиликтүү соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана Бектемир Акуновдун өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча Кыргызстандан тыш жакка, көз карандысыз эксперттерге кайрылмакчы.

Бектемир Акунов 5-апрелден 11-апрелге чейин оппозициялык Бириккен фронт уюштурган саясий ачкачылыктын катышуучусу болгон. Ал 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында жатып каза болгон. Анын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Бектемир Акуновдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген Нарын ШИИБнүн эки милиция кызматкери Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан камакка алынган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG