Санкт-Петербург, Маскөө жана Нижний Новгороддо өткөн марштарда бийлик аларга кыйла касапчылык көргөзгөнү малымдалды. Ал эми Самарада өткөн жүрүшкө оппозициянын лидерлерин жана алар менен кошо баратышкан делегацияны бут тосуп, учакка олтургузбай коюу болгон. Каспаров.ру сайты жазганга караганда, «Башка Орусия» делегациясын кармаган, өзүн милициянын капитаны Адамовмун деген киши жакында Ходорковскийдин адвокаттарын кармоо операциясын өткөргөн эле атайын кызматтагы киши».
«Орусияда жеринен саясий тыңчылык системасы башкача ойлогондор менен күрөшүп келген эми ал кеңейип, бир гана саясий оппозицияга каршы багыталып калды»,- деди Каспаров мырза .
«Время новостей» кеткен жумада батыштык журналист орусиялык лидерге: «Политковскаянын киши колдуу болуп өлүшү, Литвиненконун бөйдө ажал табышы, Каспаровдун маршка катыштырылбашы Орусиянын ЕБ менен стратегиялык өнөктөштүк жолундагы багытка дал келеби?» - деп суроо берди. Ага президент «Макул эместер» мыйзамдын жолунан чыкпасын деп жооп берди деп жазат: «Макул эместер жүрүшү Орусияда гана эмес көптөгөн башка өлкөлөрдө бар. Алардын мыйзам талабына моюн сунушу гана керек» - деген Владимир Путин.
Анализчилер талдоосунда Путин бийликке келгенден тартып бардык электрондук маалымат каражаттары бийликтин көзүн карачу (мамлекеттик – ММ) болуп өзгөргөн. Бир гана «Эхо Москвы» үналгысы эркиндигин сактап келатат дешет.
Кечээ айтылуу Останкино сыналгы борборунун алдына 300дөй киши чогулуп саясий цензура жок болcун деп каргыш айтышып таркашты. «Башка Орусия» көтөргөн ураандарда «Путинсиз Орусия!» чакырыгы көп болду.