"Хюман райтс вотч" уюму апрелде чыгарган отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, Талибан кыймылынын калдыктары 2006-жылы Ооганстанда уюштурган ар башка террордук аракеттерден 670 карапайым адам өлдү, ал окуялардын көпчүлүгүндө талибдер атайылап бейкүнөө адамдарга чабуул жасаган. Андай аракеттерден үстүбүздөгү жылы дагы 50 адам набыт кетти. Террордук аракеттердин жалпы саны былтыр эки жүзгө жетти жана 2005-жыл менен салыштырганда, бул сан эки эсеге көп.
Ал 200 террор аракеттин бир жүз отуз алтысын жан кечтилер ишке ашырган, 2005-жылга караганда бул сан алты эсеге көп. Ал аракеттер негизинен өкмөттүк аскерлерге жана чет өлкөлүк күчтөргө каршы багытталган, бирок алардын натыйжасында - бейкүнөө карапайым адам эң көп өлгөн, курман болгондордун арасындагы аскерлердин саны карапайым адамдардыкынан сегиз эсеге аз.
Аны менен катар өкмөттүк аскерлер менен эл аралык күчтөрдүн чабуулдарынан набыт кеткен карапайым адамдардын саны дагы былтыр 230 адамга жетти, андай чабуулдар атайын уюштурулганы жөнүндө далилдер жок, бирок айрым андай учурларда согуш эрежелери бузулганы жөнүндө айтса болот.
Ошондуктан ооган президенти Хамид Карзай жакында НАТО уюмуна кайрылып, аларды этияттуу аракеттенүүгө чакырды: "Карапайым жарандардын антип каза болуп жатканына бөгөт коюлууга тийиш. Ооган эли андай талап коюуга толук укуктуу. Эң биринчи кезекте андай талап биздин өзүбүздүн өкмөтүбүзгө коюлат, анткени жалпы абал үчүн өкмөт жооптуу. Мен бул маселе үстүндө күнүгө иштеп жатам", - деди президент.
Ооганстандагы НАТО аскерлеринин башчысы, америкалык генерал Жон Крэддоктун айтымында, азыр аскерий жетекчилик өзүнүн Ооганстандагы аракеттерин кайра караштырып жатат - чындап эле айрым учурларда алардын чабуулдарынан карапайым калк жапа чеккен фактылар бар, анткени талибдер негизинен жөнөкөй эл арасында жашынат жана бейкүнөө адамдар көпчүлүк учурда абадан бомбалоо болгондо набыт кетет. Аскерий эрежелерди кайра карап чыгыш керек деген талапты 18-май күнү Алманиянын коргоо министри Франц-Йозеф Кунг дагы койду.
АКШнын Техас штатындагы президент Жорж Буштун үйүнө жекшемби-дүйшөмбү күндөрү НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер келип кетти. 20-май күнү кечинде өткөрүлгөн жыйынга АКШ коргоо министри Роберт Гейтс жана мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дагы катышты жана талкуу учурунда - Ооганстандагы согушта карапайым калк арасындагы чыгашаны азайтуу маселеси дагы каралды.
19-20-май күндөрү болсо Ооганстанда уюштурулган террор аракеттеринен 23 адам набыт кетти, алардын арасында үч немис аскери да бар. Эң чыгашалуу чабуул Пактия дубанындагы Гардез шаарынын базарында ишке ашырылды - бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден 14 адам өлдү.