Айрым маалыматтарга караганда, Табанде менен катар анын бир нече колдоочусу да сабалып, кармалган. Сопунун кайсы күнөөсү үчүн камакка алынганы азырынча белгисиз.
Өткөн октябрда Табанде өзү туулган Гонабаддан кетүүдөн баш тарткандан кийин, 300 чакты коопсуздук кызматкери анын бул шаардагы үйүн курчоого алган эле. Гонабад шаарында Нематолла Гонабади дервиштер орденинин көптөгөн жол башчылары туулуп, сөөгү ушул жерге коюлган.
Өз атын атабоону суранган Табанденин Тегерандагы колдоочуларынын бири анын бийликтер Гонабаддан чыгып кетүүнү талап кылгандан кийин камакка алынганын бышыктады:
- Бир канча убакыт мурда Машхаддагы коопсуздук кызматкерлери Табанде шаардан кетиши керек деп айтышкан. Бирок ал "Кетпейм, Тегеранга барбайм, анткени алар күчкө салып, мыйзамга каршы аракеттенип жатышат" деп айткан.
Табанденин камакка алынышы анын көптөгөн жолдоочуларын кыжаалат кылды, алар аны бошотуу талабы менен тынчтык жүрүшүн уюштура тургандыгын айтышууда.
Буга окшогон чуулгандуу окуялар Иранда сопулар же суфилер жана дервиштер өңдөнгөн диний азчылык топторуну өздөрүн эркин сезбей тургандыгын айгинелейт.
Өткөн жылы Ком шаарында сопулардын ибадатканасы талкаланып, жүздөгөн сопу камакка алынган эле.
АКШнын Эл аралык Диний Эркиндиктер Комиссиясы 2-майдагы билдирүүсүндө былтыр Иранда диний эркиндиктердин, айрыкча сопу мусулмандары менен евангелист христиандардын абалы мурдагыдан да начарлап кеткендиги белгиленген.
Расмий Тегерандын оппоненттеринин айтымында, Ирандын бийликтери Исламды өлкөнүн саясий жана диний бийликтери каалагандан башкача карманган мусулмандарды кысымга алып келет. Акыркы айларда бир нече консерватор молдолор суфизм Исламга коркунуч келтирет деп айтышкан эле. Табанденин Нематолла Гонабади ордени Ирандагы эң ири сопу топторунун бири деп саналат.