Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

ТАЛАСТА АЛТЫН КЕНДЕРИН ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА КООМДУК УГУУЛАР БАШТАЛДЫ


Бүгүн Талас облустук администрация жетекчилиги тарабынан “Жерүй”, “Андаш”, “Талдыбулак” алтын кендерин иштетүү боюнча коомдук угуу жыйыны башталып, бирок жыйын соңуна чыккан жок. Ал коомдук угуунун өтүшүнө кендин иштешине каршы турган митингчилер тоскоолдук кылышты.

Коомдук угуу саат күндүзгү бирде Талас шаарынын борборунда жайгашкан Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин залында башталган. Ал жыйынга облустун 37, айыл өкмөттөн 5-10дон өкүлдөр жана Бишкектен кенге тиешеси бар адистер келишти. Бирок кендин иштешине каршы турган эки миңден ашуун облустун ар кайсы райондорунан топтолгон жергиликтүү тургундар жыйынды сырттан өтүшүн талап кылышты. Кыйкырыктар менен музыкалык мектептин ичине кирүүгө митингчилер аракет жасашты. 200дөн ашуун милиция кызматкерлери алардын алдынан тосуп, натыйжада жаңжал басылды. Ошондой эле талапты жыйынга катышып жаткан залдын ичинде отурган кендердин иштешине каршы болгон өкүлдөр сырттан өтүшүн талап кылышты.

- Облустун ар бир району, керек болсо ар бир айылында угууну биз өткөрөбүз. Ошондо эл өзүнүн оюн айтат. Келгениңиздер үчүн ырахмат, - деп облустун губернатору Байымбет Мураталиев жыйынды токтотту.

Кендердин иштешине каршы турган жергиликтүү тургундар тарабынан атайын үч чечим кабыл алынгандыгын лидер Каймазар Иманалиев:

- Бул жерде элдин нааразылыгынын чыгып кеткени, кирип барган учурда залда бүт ачылсын деген компаниянын адамдары отурган экен. Ошону көргөндө жалпы эл биримдикке келип, үч талап койду. Биринчиси, сырттан эч кандай элдин уруксаты жок компаниялар иштетилбесин. Экинчиси, өткөрүлүп аткан акция эч бир райондо өтпөсүн. Үчүнчүсү, эл менен жүрүп аткан лидерлерге жана топтун жетекчилеринен бийлик тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлбөсүн деген сөз кабыл алынды.

Бишкектен жыйынга келген алтын жана башка кендер боюнча адис Өмүркул Кабаев:

- Айылга өтө жакын болуп зыян болсо анда башка жумуш. Анда эч ким, саясатчылар да ачтырбайт. Маселенин бары экологияда, экономикада эмес, маселенин бары башка жакта. Мунун баарын уюштурушту, бир күндө ойгонуп эле эл чыгып кеткен жок да. Негизинен бул жерде НПОлор иштеп атышат.

Жыйында программа боюнча “Жерүй”,
“Андаш”, “Талдыбулак” алтын кендерин иштеткен компаниянын башчылары, экологдор жана башка адистер кен тууралу түшүндүрмө беришмек.

XS
SM
MD
LG