Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

БУШ РОССИЯДАГЫ ДЕМОКРАТИЯДАН КҮДҮКТӨНӨТ


АКШ президенти Жорж Буш Москванын демократияга баратканына күдүгү бар экенин билдирип, Батыш менен Россиянын ортосунда кыйын-кычык мамилелер пайда болгонун белгиледи. Кечээ Буш менен НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер жолугушуп, бир катар башка маселелер менен бирге Борбордук Европага АКШнын ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планына байланыштуу Россиянын кооптонууларын да сөз кылышкан эле.

НАТОнун баш катчысы менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Буш сөз кыябынан пайдаланып,россиялык президентке айрым бир пикирлерин багыштады. Атап айтканда, ал демократияга жетүүнүн жакшы жолу бар экенин, Россиянын кызыкчылыктары Батыш менен байланышканын Путиндин эсине салды. Путин Россияны демократиянын нугунда баратат деп эсептегени менен Буш буга күдүктөнө баштаганын айтты. Мындан тышкары ал соңку кезде Батыш менен Россиянын ортосунда кыйын-кычыктуу мамилелер пайда болгонун да моюнга алды.

Эмдиги айда Буш Германияда “чоң сегиздин” саммити маалында Путин менен жолугушканга ниеттенип жатат.

Маалымат жыйынында Буш Борбордук Европага америкалыктардын ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планына байланыштуу Вашингтон менен Москванын пикир келишпестиктерине да токтолду. Жакында коргоо катчысы Роберт Гейтс атайын Россияга барып келгенин эске салып, Буш орустар америкалыктардын душманы эместигин белгиледи. Ошондуктан антиракеталык система иш жүзүндө Европадагы тынчтыкка бүлүк салчу башка өлкөлөрдөн коргонуу үчүн зарыл. Муну орустар акыры түшүнөрүнө Буш ишенет жана эки тараптын мамилелерин жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшамакчы.

Өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс да Москвада америкалыктардын Европадагы антиракеталык планын талкуулап, орус лидерлери менен орток пикирге келе албай койгон эле. Ошол эле учурда тараптар бул проблема боюнча кайым айтыштардын абаз-апазын пастатууга макул болушкан.

XS
SM
MD
LG