Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:05

23-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1937-жылы Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу илим Комитети уюшулган. 1945-жылдын бу күнү Улуу Ата мекендик согушта жаракат алган адамдарды ташыган акыркы эшолон Фрунзеге келди.

Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман 1877-жылдын бу күнү кытай генералы Цзо Цзунга кат жолдогон. Генерал-губернатор дунган көтөрүлүшүнө кабатырланып, кытай бийлигинин Манас шаарындагы дунган калкына карата жасаган жырткычтыгы айыптаган.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу жаңы уюшулган илим Комитети 1937-жылдын бу күндөрү активдүү ишке киришти. Комитеттин жетекчилигине Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Б.Исакеев дайындалган. Мындан тышкаары, комитет мүчөлүгүнө - Кыргызстан КП (б) БКнын мектеп жана илим бөлүмүнүн башчысы Жумабаев, малчарба илим изилдөө Институтунун директору Батраков, тил жана жазуу илим изилдөө доценти Валитов, зооветинституттун директору Макеев, Тыныстанов жана Выходцев сыяктуу профессорлор кирген. Институтунун ар бир тармак боюнча жетекчилер белгиленген. Бирок көп өтпөй алардын басымдуу көпчүлүгү эл душмандары атагып камакка алынган, бир даары атылып кеткен.

Борбор шаардын четиндеги Лебединовка айлынан аккан суудан археологиялык баалуу материалдар табыла баштагандыгы, 1941-жылы бу күндөрү илим коомчулугуна маалым болду. Жергиликтүү калк мындан Будданын алтын айкелин, тоту куш кеби салынган алтын шакек сыяктуу кун жеткиз буюмдарды табышкан. Адамдар алардын көпчүлүгүн шаардагы алтын сатып ала турган дүкөндөргө, бир даарын Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу илим Комитетине тапшырышкан.

Улуу ата мекендик согушта жаракат алган адамдарды ташыган акыркы эшолон 1945-жылдын бу күнү Фрунзе шаарына келди. Жарадарлар борбор шаардын эвакогоспиталдарына жаткырылып, аларга биринчи жардам көрсөтүлө баштады.

Мурдагы Жигулевская, азыркы Субанбердиев көчөсүндө орун алган Кыргызполиграф комбинаты 1966-жылдын бу күнү ишке киргизилген. Адегенде, ал Фрунзеполиграф комбинаты аталып, анда арак-шарап үчүн этикеткалар чыгарылып, кийин анын аталышы Кыргызполиграфына өзгөргөртүлгөндөн кийин, комбинатта марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектери басыла баштаган.

Бу күнү, 1921-жылы айтылуу балдар жазуучусу Григорий Чухрай, 1923-жылы жазуучу Жунай Мавлянов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG