Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

КӨЛДҮК ДЫЙКАНДАРДЫН ЖЕРЛЕРИН ИШКЕРЛЕР ЭЭЛЕП АЛУУДА


Жыл өткөн сайын көл жээктеги эс алуу жайлары менен чет элдик борборлордун мыйзамсыз улантып аткан ишмердүүлүгү боюнча көбүрөөк сөз болууда. Көп кабаттуу объектилерди куруп аткан ишкерлер жергиликтүү дыйкандардын айдоо жерлерин ээлеп алганы боюнча райондук көчмө жыйында талкууланды.

Ысыккөл жээгиндеги тынымсыз жүрүп жаткан курулушту көпчүлүк “Акмарал”, “Радуга” өңдүү эс алуу борборундагы ар бир үйдүн 200-300 миң долларга сатылып атканы менен байланыштырып, ага көз арткандар жер алып эле ушул ыкма менен байыганга далалаттанга өтүштү дейт. Ысыккөл райондук курулушту көзөмөлдөө департаментинин маалыматы боюнча, пилоттук облус болуп турганда көл жээктеги жерлер чет элдиктерге каалагандай сатылып дагы, курулушу да каалагандай жүргүзүлүп келиптир:

- Мыйзамды бузбаган объектилер көп экен. Керек болсо 100 пайыз майда-чүйдө объектини өз алдынча салып, юристтер күнүгө сотто жүрүшөт. Күнүгө эле бир объектини сотко бересең ээси келет дагы көрүнгөн жолдорун таап, келбей, качып, аты-жөнү башка чыгып калат. Балдарына каттап койгон учурлар көп.

Көл жээгин дагы курчап алган мындайлардын башында кыргызстандык атактуу кишилер тургандыгын белгилеген Бекен Курманалиев чет элдик ишкерлерге быйыл катуу чара көрүлүп атканын кошумчалады:

- Корумдудагы «Салимар» пансионатына ливандык атуул Джорж Антонио деген киши 20га жакын коттедж салып атат мыйзамсыз. Ошондон үчөө 100 метрлик зона да жатат. Анын ишин даярдап административдик иш козгоп, сотко бергенбиз. Андан тышкары Казакстан Республикасына тиешелүү отель «Алмата» деген объекти бар, көл жээгине 100 метрлик зонанын ичине ресторан салып аткан. Азыркы маалда курулушу токтотулуп, демонтажка алып бардык, - деди Курулуш көзөмөлдөө департаментинин орунбасары Бекен Курманалиев.

Ушул өңдүү фактылар боюнча эң көп арыз түшкөн Кумбел айыл өкмөтүндө жакында райондук жетекчилер чакырылганда:

- Ал жерде 3 жарым метр БПСтин жери бар, аны алган жоксуңарбы? Алдыңар, - деп чогулгандар бир жылдан бери көл жээке курулуп аткан Валян аттуу армян ишкеринин «Карвен клуб» сыяктуу борборуна элдин энчисиндеги жерлер берилгендигине бийликти күнөөлөп, ушинтип нааразыланышты. Ал эми Калыс дыйкан чарбасындагылар мурдагы аким Жангазы Акматов буга кийлигишкенин мындай тастыкташат:

- Колум тилинип бир жыл бою камышты оруп чыккам. Жергиликтүү бийлик ал жерди менден алып туруп «Карвен клубга» берип койду. Айыл өкмөттүн чиймеси, 12 кишинин колу бар болчу. Бир эле күнөөм гос. актым жок болчу. Себеби мага аким кол коюп бербей койгон. Кийин бул маселени койсом айылдагы алдамдар дүрбөп боз үйүбүздү тигип чыгалы, сени колдойлу деди. Бирок мени туш тараптан кысып коюшту, - Фарида Деркенбаеванын «Карвен клубга» болгон дооматына азыркы райондук жетекчилер так жооп айта алган жок. Себеби армян ишкери ал жерге тиешелүү кагаздарын мыйзамдаштырып алган. Ал эми «Аврора» эс алуу жайынан сатылган жерлер боюнча жетекчиси буларга токтолду:

- Азыр «Карвен клуб», «Радуга» деген пансионаттарда бир-эки гана кожоюн жашай турган коттедждер салынып атат. Бир жылдык кирешеси 10 млн. сом болсо, биз бул акчаны электр энергия, соц.фонд, салыкка төлөшүбүз керек болот. Ошон үчүн коттедж салалы дегенбиз. Коттедж салыш үчүн акча керек болот. Ошон үчүн биз «Авроранын» ичинен 10 гектар жерибизди 25 коттедж салып берсин деп келишим түзгөңбүз, - деген Замир Бообеков президенттин иш башкармалыгы аркылуу «Инвест трест» деген фирмага 10 гектар жер сатылганын ырастап, эми «Аврорада» ашык жер жок экенин кошумчалады. Жергиликтүү мындай эс алуу жайлардан пайда түшпөй аткандыктан эми аларды текшерүү үчүн атайын координациялык кеңеш түзүлөрүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG