«Орус медиа группасы» деген холдингге кирген «Орус жаңылыктар кызматы» радиосунун баардык кабарчылары өткөн жумада өз эрки менен иштен кетишти. Журналисттердин жамааттык иш таштоосуна радионун жаңы жетекчилигинин «сөз эркиндигин кысмактоо аракеттери себеп болгону» айтылууда.
Жумурияттагы Журналисттер союзунун баш-катчысы Игорь Яковенко «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, ал окуяны жалпы эле өлкөдө сөз эркиндигинин жоголуп баратышынын көрүнүшү катары баалады.
- Орусия акыркы жети жылдын ичинде жарым-жартылай басма сөз эркиндиги бар мамлекеттен, эми системалык түрдө маалымат каражаттарындагы сөз эркиндиги жок мамлекетке айланды. Орусияда азыр цензура киргизилген. «Орус жаңылыктар кызматында» болгон окуя мамлекет тарабынан көзөмөл күчөтүлгөнүн даана көрсөтөт, - деди Яковенко.
Анын ишениминде, маалымат мейкиндигинде мамлекет тарабынан цензуранын киргизилиши бир канча этап менен өтүп жатат. Алгач, ишкананын жетекчилиги алмашат, кийин анда «жагымсыз» жаңылыктарды чагылдыруу жоготулат да, жалаң «жагымдуу» маанайдагы кабарлар бериле баштайт. Акырында, ал маалымат каражатына келип, комментарий берчү эксперттер менен коомдук ишмерлердин атайын тизмеси түзүлөт. Бийликке сын айткандар, албетте, тизмеге киргизилбейт.
Бүгүн Орусияда «эркин» деп эсептелген айрым маалымат каражаттары дале бар. Мында, байкоочулар, негизинен «Эхо Москвы» радиостанциясы менен «Новая газета» басылмасын атап жүрүшөт. Ошондуктан, Яковенконун ишениминде, азыр Орусияда такыр эле сөз эркиндиги жок деп айтууга болбос. «Басма сөздүн бүгүнкү абалы менен анын Советтер Союзунун учурундагы абалын салыштырганда, албетте, Орусияда азыр бир топ эле жагдай жакшы жакка өзгөрдү. Анын үстүнө, Орусияны азыр Беларусь, же Түндүк Корея менен салыштырып болбойт. Ошол эле учурда азыр эркин басма сөзүнүн таасири өтө эле аз», - дейт ал.
- Бул, албетте, чыныгы сөз эркиндигинен айырмаланат. «Эхо Москвы» канчалык эркин болбосун, ал элдин аң сезимине тийгизчү таасири боюнча, федералдык телеканалдар менен теңтайлаша албайт. Таразанын бир жагына үч негизги федералдык телеканалды коюп, экинчи жагына калган баардык 20 миңдей маалымат каражатын, «Эхо Москвы» станциясын жана эркинирээк деп эсептелген «Рен-ТВ» сыналгы каналын койсонуз да, таасири жагынан үч негизги канал оордук кылат. Андыктан, өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары эркиндикти самагандар үчүн «аралча» бойдон гана кала бермекчи, - деди Орусиядагы Журналисттер Союзунун баш-катчысы Игорь Яковенко.
Баса, Журналисттер Союзу бир айдын ичинде азыр өздөрү отурган имаратты бошотушу керек. Жакында мамлекеттик мүлк агенттигинен аларга ушундай кат түшкөн. Союздун жетекчилиги буга чейин деле орус бийликтерин сөз эркиндигин кысмактап жатышканы үчүн айыптап келген болсо, эми баягы кат түшкөндөн бери аракетин андан бетер күчөткөн өңдүү.
Шейшембиде Союздун жетекчиси Всеволод Богданов Москвада маалымат жыйынын өткөрүп: «28-майга белгиленген Журналисттик конгресс азыркы проблемаларга карабай, баары бир өтөт», - деди. Анын айтымында, азыр Журналисттер Союзу карызга батып турган чагы, ошого карабай, даярдык улантылат. Богданов конгрессте талкуулана турган башкы проблема «басма сөзгө, журналистикага ишенимди кайтаруу» экенин белгиледи.
Орусиядагы Журналисттер союзунун маалыматына караганда, өлкөдө СССР таркагандан бери 250 дөй кабарчы киши колдуу болгон. Бирок козголгон кылмыш иштеринин 2-3 гана ачылган.