Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

« ӨЛБӨС КАЩЕЙ» КИМДИН КОЛУНДА?


«Белый пароход» гезити Республиканын энерготармагы бүгүнкүдөй менчиктештирелек кезинде өлкөгө 2 миллиард 400 миллион сом пайда апкелип тургандыгын, анын үстүнө ал кезде электр энергиясы үчүн төлөө акылары да кыйла эле арзан болгондугун, ал эми бүгүн төлөө акылары жыл санап кымбаттаганына карабастан электр энергиясынан түшкөн киреше 190 миллион сомдон ашпай келаткандыгын белгилөө менен депутат Болот Шерниязовдун далилин келтирет. Депутаттын айтуусу боюнча энергетика тармагынан секунд сайын 2 доллар казынанын эмес каракчылардын чөнтөгүнө түшүп турат. Экс-президенттин уулу Айдар Акаев түзүп кеткен мына ушул коррупциялашкан система азыркы жаңы бийлик тарабынан да ийгиликтүү улантылып жатат. Өлбөс-өчпөс коррупция темасын андан ары улаган гезит, бүгүнкү күндө Кыргызстандын башкаруу жолоюн өзгөртүү бир гана кишинин-президент К.Бакиевдин эркине байланып калганын, коррупциянын түйүнүн ушул адам гана чече аларын, эгер мындай түйүнгө өзү да чырмалып калса андан тезирээк чыгып кетүүсү керектигин, анткени жиптин учу барып-келип эле Бакиевге такалып жатканын, анткени көптөгөн адамдар анын атын жамынып иш жасап жатышканын, анын үстүнө бүгүн эл эчкимге ишенбей калганын, эл байлыгын, жер байлыгын сактайт деген бийликтин өзү коррупциялашып бүткөнүн жазды.

«Дело №» гезити бул санында А.Атамбаевдин «Кыргызстандын бүгүнкү өкмөтү эчнерсени чече албаган министрлердин «фиктивный кабинети» деген сөзүн келтирип, Майлуу Суудагы электрлампаларын чыгаруучу заовддун кожейкеси Кыргызстандын мурдагы Башпрокурору Камбаралы Конгантиевдин кызы болгонун, жыл сайын 3 миллион доллар киреше берип келген заводду кожейке кийин орусиялык ишкерге так ошол 3 миллион далларга сатып ийгенин, сатып алган кампания заводду иштетем деп банктан 9 миллион доллар насыя алганын, бирок анын бир тыйынын да заводго салбастан Маскөөдөгү дагы бир менчик комбинатын көздөй алып баса бергенин, ошентип завод киреше бермек тургай бүгүн жумушчуларына эмгек акы боюнча эле 39 миллион сом карыз болуп олтурганын, жаңы кожоюн заводду иштетүү тууралуу ойлоп да койбогонун, анан ушундан кийин «Кыргызстанда экономикалык керемет» болорун күткөн элдин сабырына кантип таң калууга болбосун, алтургай кедерине кетип бүткөн кенедей, кембагал өлкөнүн эптеп жашап келатканына тан бересиң, баса, болгонун болгондой, ачык, коркпой-үркпөй атйтып салчу Атамбаев да баягыдай эмес, анын бир кездеги министр кезиндегидей Бакиевдин эшигин тарс чаап чыгып кетчү кези жакындап калганын айта башташты. Бирөөлөр аны июнда кетет экен десе, бирөөлөр күзүндө кетип оппозициялык жаңы толкундун башына барат экен дешүүдө, деп жазды.

«Энесай» гезити өткөн сандарынан бери жарыяланып келаткан «Акаев доорунун алдым-жуттумдары» деген рубрика алдында «Баскынчылыкпы же басмачылыкпы?» деген макаласынын соңку бөлүгүн окурмандарына тартуулады. Макалада Кара Кече көмүр кениндеги акыркы жылдардагы окуялар, кендеги менчик фирмалардын кожоюндары болушкан Сабыров, Жолдошбаев тууралуу кеңири кеп козголот. Ушул эле гезит, Мелис Эшимканов «Агым» гезитин сатканын, бирок кимге сатканы белгисиз экенин маалымдады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG