Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

ПАРТИЯЛАР ПАРЛАМЕНТИ ЭМНЕ ИШ БҮТҮРҮҮДӨ?


Өткөн жылдын соңунда Кыргызстанда Саясий партиялардын парламенти түзүлгөн. Аны түзүү демилгесин 12 партия көтөрүп, негизги максаты катары саясий партияларды өнүктүрүү жана алардын конституциялык укуктарын ишке ашыруу деп атаган. 23-майда Жогорку Кеңеште Саясий партиялардын парламентинин бет ачаары болуп, анда жаңы уюм жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Саясий партиялардын парламентинин бет ачаар аземине Россия, Казакстан, Япония элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын лидерлери катышты. Алгач сөз алган Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов конституциялык реформалардын негизинде саясий партиялардын ролунун өсүп жаткандыгын белгилеп, буларга токтолду:

-Саясий партиялар, Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүүгө, конституциялык реформага сиздер салым кошосуздар деген ойломун. Анткени бул мыйзамдар келечектеги биздин парламенттин, өлкөнүн саясий түзүмүнүн негизин түзөт.

Андан кийин Саясий партиялардын парламентинин лидери Роза Акназарова бул уюмдун максаты партияларды бириктирип, аларды өркүндөтүү деп айтты:

-Бул максатты ишке ашыруу үчүн мындай маселелер коюулууда. Жаңы конституцияны кабыл алуунун негизинде партиялардын ишине шарт, жаңы укуктук база түзүүгө катышуу, «Шайлоо кодексине» өзгөртүү жана кошумча киргизүүгө катышуу.

Саясий партиялардын парламенти бул багыттарда иш жүргүзүү үчүн координациялык топторду түзгөн. Алардын бирөөсү конституциялык реформанын үстүнөн иштейт. Экинчи топ «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул топтун жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев партиялык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайлоо өткөрүүнүн эрежесин сунуштады:

-Биздин топ партиялык тизме боюнча шайлоо бир мамлекет-бир округ деген негизде өткөрүлүшүн жактады. Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого келгенде өлкө боюнча 9 шайлоо округун түзүп, ал округдардан бештен депутат шайлансын деп сунуштап жатабыз. Бардык округдардан талапкерлерди партиялар гана көрсөтөт. Бирок партияларга да чектөөлөрдү киргиздик. Маселен шайлоого катышуу үчүн партиянын кеминде бир миң мүчөсү, ар бир региондо катталган бөлүмү болууга тийиш. 4% көп добуш алган партия гана парламентке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Маселени талкуу учурунда 9 округдан жөнөкөй көпчүлүктү алган партия бардык беш депутаттык мандатка ээ болот деген сунуш жана Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлерди партиялар гана көрсөтөт деген жобо талаш-тартышты жаратты.Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Айчүрөк Эшимова ар бир инсандын өзүн-өзү талапкер катары көрсөтүү укугунан ажыратуу туура эместигин белгилесе, депутат Темир Сариев бул партиялардын ролун бекемдөө үчүн зарыл деген жүйөөнү келтирди. Мына ушундай маанидеги маселелер боюнча талкууну саясий партиялардын парламенти мындан ары да улантмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG