Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

ЛИТВИНЕНКОНУ ӨЛТҮРГӨН КИМ ЭКЕНИН БИЛҮҮГӨ ОРУСИЯ БИЙЛИГИ КЫЗЫКТАРБЫ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Шейшембиде Улуу Британиянын прокуратурасы Александр Литвиненкону өлтүргөн ФСБнын мурдагы кызматкери, орусиялык ишкер Андрей Луговой деп айтуу үчүн жетишерлик негиз бар деген маалымат таркатты. Канча жолу Москвага саясий айып тагып келаткан ФСБнын мурдагы офицери Литвиненко былтыр ноябрде радиоактивдүү полоний-210 менен ууланып кийин Лондондун ооруканасында үч аптадай жатып, көз жумган. Ошол иштин иликтөөсүнөн улам Улуу Британиянын прокуратурасы орусиялык ишкерге кине тагып аны эми Орусиядан чыгарып кетүү талабын коюга ниеттенип атканын билдирген. Бирок Орусиянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн мыйзамына ылайык Андрей Луговой британиялык соттун колуна өткөрүлүп берилбейт деген билдирүү жасады. Ошого карабай кечээ Улуу Британиянын өкүмөт башчысы Тони Блэрдин өкүлү орусиялык ишкерди чыгарып берүү талбы менен дагы бир жолу кайрылды.

Улуу Британия бийлиги Александр Литвиненконун радиоактивдүү зат менен ууланып өлүшүнө себепкер болгон киши катары ырасмий түрдө Андрей Луговойдун атын атаган. Байкоочулардын айтымында мунун артында саясий маанай бар. Маскөө азыр Луговойдун ишин караса аны Борис Березовский менен Ахмед Закаевди чыгарып алуу иши менен бир карайт дешет. Дагы бир анализчилер болжолунда Луговойдун соту Орусияда өтүүгө мүмкүн, бирок ал үчүн Лондондон келген айыптоонун негизи ошончолук кынтыгы жок жана далилге бай болууга тийиш.

Орусиялык ишкер Луговой болсо киши өлтүрүүгө анын эч кандай тийешеси жок экенин айткан. Ал гана турсун жакында британдык да орусиялык да коомчулук арасына дүрбөлөң салгыдай жарыя жасаймын деп убада берген.

«Биринчиден – мен өзүмдү (Литвиненконун өлүмүнө - ММ) күнөөлүмүн деп эсептебеймин. Экинчиден – жабырды кайра мен тарттым деп эсептеймин. Үчүнчүдөн – мага тагылганы аткан айыптын далили түшүнсүз», - деген Луговой.

Орусиянын Конституциялык сотунун мурдагы мүчөсү Тамара Морщакова айтканга караганда өлкөнүн мыйзамдык эрежеси менен Баш мыйзамынын 61-беренесине ылайык Орусия өз атуулун бөлөк өлкөгө чыгарып бербейт. Бирок кишинин өмүрүн кыйган сыяктуу оор кылымыш эч убакта көңүлдүн сыртында калбашы керек дейт:

«Дүйнөдөгү бир дагы өлкө, алардын катарында Орусия да, оор кылмышты жашырып жаап коюуга кызыктар эмес», - дейт Морщакова айым.

Guardian гезити жазганга караганда ал күнү Луговой кайда барбасын Лондон калаанын бардык жеринде полонийдин изи калган. Ошондон улам басылма чыгарган ой бүтүмүндө «Литвиненко иче турган чайнекке полонийди куюп атканда… киши уулагыч (Луговой – ММ) радиоактивдүү затты өзүнө жуктуруп алган. Кийин ал кайда барбасын полоний-210 андан жугуп олтурган. Ал олтуруп чыккан ресторанга, конок үйүндө, таксиде, аэропортто, ал тургай ал кол алышкан кишилерде, электр жарыгын жаккычта, дүкөндө ал төлөгөн акчаларга жугуптур» деп жазат. Газета андан ары кантсе да Скотленд-ярддын мындан башка да билгени бар деп жазат.

Александр Литвиненконун жакшы санаалаштары болсо бул кылмышта бир Луговой күнөөлү эмес деп айтышкан.

Анализчилер чөйрөсүндөгү ойлордо кептин баары радиоактивдүү полоний-210 затында экени айтылат. Ал болбогондо иш мынча ырбамак эмес.

XS
SM
MD
LG