Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

ИРАН МАСЕЛЕСИ КАЙРАДАН БИРИККЕН УЛУТТАРДА КАРАЛАТ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иранга койгон ультиматумдун мөөнөтү 24-май күнү аяктайт жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы эми Коопсуздук Кеңешине Иран боюнча жаңы доклад тартуулоого тийиш.

Ирандын өзөктүк программалары жөнүндө тынчсыздануу билдирип, уран байытуу иштери өлкөдө токтотулуш керек деп Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши алгач декабрда атайын чечим чыгарган. Андан соң 24-март күнү дагы бир резолюция кабыл алынып, Иранга каршы жарыяланган чектөөлөр катуулантылган.

Мисал үчүн, өлкөгө куралдын атайын түрлөрү сатылбаш керек жана ири насыялар берилбөөгө тийиш, өлкө компаниялары менен айрым жетекчилеринин батыш банктарындагы эсептери жабылды жана гуманитардык жардамдан башка Тегеранга ири көмөк көрсөтүлбөш керек. Резолюция кабыл алынгандан тартып өткөн 60 күндүн ичинде Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Мохаммед Элбарадеи Коопсуздук Кеңешине жаңы отчет тапшырыш керек.

Бирок акыркы күндөрдө бир топ маселе чыгууда. Биринчиден, Бириккен Улуттардын эскертүүлөрүн Тегеран көзүнө да илген жок жана Агенттик менен кызматташуусун чектей турганын билдирди. Андан тышкары, мисал үчүн, Натанз шаарындагы ишканада акыркы резолюция кабыл алынган мезгилде 328 уран байытуу аспабы иштеген болсо, азыр алардын саны 1600гө чейин көбөйтүлдү. Президент Махмуд Ахмадинежад болсо апрелде атайын билдирүү жасап, уран байытууну Иран өндүрүш деңгээлине чыгарды деп жарыялады.

Экинчиден, Агенттиктин деректири Элбарадеи өзү - Иран менен сүйлөшүү столуна отуурардын алдында ал өзүнүн өзөктүк программаларын токтотуш керек деп Батыш койгон талап иштебей, маселени татаалдантып жатат деп билдирди.

Анын пикиринде, Иран маселесин чечүү үчүн башка, жаңы ыкмаларды колдонуу керек, мисал үчүн, өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө Тегеранга уруксат берип, бирок алар аскерий максатты көздөбөй турганына катуу көзөмөл салган жакшы. Элбарадеинин мындай туруму АКШ менен Батыш Европа мамлекеттерине жаккан жок жана алардын Агенттиктеги өкүлдөрү азыр ал тууралуу атайын расми билдирүү даярдап жатат.

Лондон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Марк Фитцпатриктин айтымында болсо, мурдагы саясат жарабай калды деп айтуу эрте: "Менин оюмча, Батыш мамлектетеринин саясаты жыйынтык бербей жатат деп айтуу, мүмкүн, азырынча эрте. Албетте, Иран өз аракеттерин токтотпой жатат жана программаларын өндүрүш деңгээлине көтөргөнү жөнүндө айтууда. Бирок, менин пикиримде, ал апыртма. Анын уран байытуу программалары жакшы иштеп жатканы жөнүндө толук далил жок жана Агенттиктин жаңы отчетунда ал тууралуу маалымат болуш керек", - дейт Фитцпатрик.

Аны менен катар Агенттиктин текшерүүчүлөрү Иранга акыркы күндөрдө мурдагыга караганда алда канча көбүрөөк келе баштады, Ирандын "Фарс" деген маалымат агенттиги билдиргенге караганда, эгер мурда өлкөгө айына эки инспекция келип турган болсо, азыр 10 күндө бир текшерүү боло баштады.

XS
SM
MD
LG