Элчи Рональд Ньюман 23-майда премьер-министр Алмаз Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баш болгон бир катар депутаттар, андан кийин кечке жуук коргоо министри Исмаил Исаков менен жолугушуу өткөрдү. Исмаил Исаков менен жолугушуудан кийин америкалык элчи журналисттерге өз сапарынын максаты тууралуу маалымат берди:
-Сиздер билгендей мен акыркы эки жылда Ооганстанда элчи болуп иштедим. Ошондуктан менин өкмөтүм бир катар Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып, Ооганстандагы кырдаал тууралуу маалымат берүүнү тапшырды. Ооганстанда ушул кезге чейин экстремисттер менен кагылышуу жүрүп жатат. Көп ийгиликке жетишилди, бирок иш аягына чыга элек. Көптөгөн куралдуу топтор бар. Аларды жеңүү керек.
Элчинин пикиринде, мына ошол экстремисттик топторду жеңүү Кыргызстандын да кызыкчылыгында. «Ооганстандагы антитеррордук операцияга көптөгөн өлкөлөр катышууда. Анын ичинде Кыргызстандын салымы да маанилүү. АКШ өкмөтү бул үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазы жана биргелешип ар кандай проблемаларды чечүүгө даяр».
Кыргыз парламенти Манас аба майданындагы АКШнын аскерий базасын чыгаруу чечимин кабыл алса, ал Кыргызстан менен АКШнын мамилесине кандай таасир этет деген суроого элчи Ньюман минтип жооп берди:
-Биз коркутуп жаткан жерибиз жок, бирок айтаарым, эң башкысы Борбор Азия регионунда радикализм коркунучу күчөйт. Кыргызстан мындай чечими менен АКШга эмес, өзүнүн, ошонун ичинде Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч келтирет.Эки өлкөнүн тыгыз кызматташуусу көп маселелерди чечүүгө жардам берүүдө. Эгерде кызматташуу начарласа, маселелерди чечүү да кыскарат. Бул табийгый иш.
АКШнын элчиси 24-майда дагы жолугушууларды өткөрөт. Бирок анын президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу белгиленбегендигин президенттин маалымат катчысы билдирди. Элчи Кыргызстандан кийин Казакстанга сапар алмакчы.
Ал Бишкекке сапары учурунда Ооганстандагы кырдаал жана базанын Манас аба майданында калтыруу зарылчылыгы боюнча кыргыз жетекчилигин ынандыра алдыңызбы деген суроого ачык жооп бербей, "мен өз миссиямды дурус аткардым деп ишенем" деп жооп берди.
Ал эми Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитети америкалык базага байланыштуу 23-майда жыйын өткөрүп, базаны чыгаруу маселесин парламенттин күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Парламенттеги бул талкууну элчи Рональд Ньюман демократиянын көрүнүшү катары баалап, бирок парламент чечим кабыл алууда Кыргызстандын жана андан кеңириреек алкактагы кызыкчылыктарды эске алат деп ойлой турганын белгиледи.