ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

АНКАРА ШААРЫНДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН АЛТЫ АДАМ НАБЫТ КЕТТИ

Нарын АЙЫП, Прага 22-май күнү Анкара шаарында ишке ашырылган террор аракетинен алты адам курман болуп, дагы жүзгө жакын киши жапа чекти. Айрым байкоочулардын пикиринде, терактты уюштурууга Күрд жумушчу партиясынын тийешеси болуш керек, бирок жанкечтинин ал партия менен түз байланышы табыла элек.

Жарылуу 22-май күнү кечки саат жетиге жакын Анкара шаарынын борборундагы Улус деген аймактагы беш кабат дүкөндүн алдында уюштурулган. Беш адам дароо өлүп, кийин дагы бир жараат алган киши ооруканада каза болду, жапа чеккендердин жалпы саны болсо жүзгө жетти, дүкөндүн алдыңкы кабаты бузулду.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, "А-4" деп аталган пластик жардыруучу зат колдонулган, аны болсо негизинен күрд лашкерлери пайдаланат. "Миллиет" гезити жазганга караганда, ал жарылуучу зат - кошуна Ирактын түндүк аймактарынан алып келинген. Полиция - терактты ишке ашырган жанкечтинин аты-жөнү ким экенин дагы тапты, ал - 28 жаштагы Гүвен Аккус деген жигит болуп чыкты, ал мурда өкмөткө каршы пропаганда жүргүзгөн жана тартип коргоо уюмдарына каршылык көрсөткөн деп эки жолу соттолуп, эки жыл абакта отуруп чыккан. Бирок анын "Күрд жумушчу партиясына" кандай тийешеси бар экени азырынча белгисиз.

"Хүрриет" гезитинин жазганына караганда, террор аракети - Түрк армиясынын аскерий ордосунун башчысы генерал Яшар Бүюканытка каршы багытталган болушу мүмкүн, анткени жарылуу - анын машинеси өткөн жолдо уюштурулган. Генерал болсо, Анкарада ачылган "Идеф-2007" деген курал көргөзмөсүнө бараткан.

Бул теракт - Түркиядагы саясий абал бир топ татаалданган мезгилде болуп жатат, анткени жаңы президентти шайлоодо кыйынчылыктар чыккандыктан, 22-июлга кезексиз парламенттик шайлоо белгиленген, ал эми күрддөргө жан тарткан Демократиялык коом партиясы ал шайлоодон четтетилген.

Террор аракети үчүн эч ким азырынча өзүнө жоопкерчиликти ала элек, бирок көпчүлүк бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, аны уюштурууга Күрд жумушчу партиясына кирген "Күрдистанды боштондукка чыгаруу шумкарлары" деген уюм катышкан болуш керек.

Акыркы жылдарда Түркияда болгон теракттардын көпчүлүгүн ушул "шумкарлар" уюштурган. 2005-жылдын 6-июлунда Кушадасы курортунда болгон жарылуудан беш адам набыт кеткен, алардын экөө чет өлкөлүк жаран болчу. Былтыр 25-июнда Манавгат деген курортто ишке ашырылган теракттан төрт адам өлүп, дагы отузга жакын киши жараат алган. Былтыр 28- жана 29-августта Мармарис, Ыстамбул жана Анталья шаарларында удаа жардыруулар болгон, алардан үч адам ажал таап, жүздөн ашык киши жапа чеккен. Ал жардыруулардын баары үчүн "шумкарлар" жооптуу болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Измир шаарында дагы жарылуу болду, андан бир адам өлүп, 14 киши жараат алды. Полициянын айтымында, 23-май күнү Адана шаарында бир аял кармалды, анын жанында төрт килограмм "А-4" жарылуучу заты табылган. Түркиянын "НТВ" сыналгысы билдиргенге караганда, ал аял өзүн өзү жардырууга даярданып жаткан.

Анкара мэри Мелих Гөкчектин айтымында, Анкарадагы жардыруу - акыркы жылдардагы теракттардын эң чыгашалуусу болду.
​
XS
SM
MD
LG