Мындан эки ай мурда - 24-мартта кабыл алган резолюциясында Коопсуздук Кеңеши Ирандан уран байытуу иштерин толук токтотууну талап кылып, бул үчүн алтымыш күн мөөнөт берген. Мындан тышкары Иранга айрым жазаналар салынган.
Аталган резолюцияга жооп кылып,иран бийликтери айрым чөйрөлөрдө МАГАТЭ менен кызматташуусун кыскарткан жана уран байытуу иштерин токтотпой тургандыгын ырастаган. Апрелде президент Ахмединежад Иран өнөр жайлык негизде ядролук отун өндүрүүгө өткөнүн айткан.
МАГАТЭнин кечээ Коопсуздук Кеңешинин төрагасына тапшырылган докладында акыркы алтымыш күн ичинде Иран эл аралык коомчулуктун талаптарын аткарбаганы тастыкталат. Алтургай Иран уран байытуу ишин алда канча активдештиргени, Натанз шаарындагы ядролук отун өндүргөн завод тынымсыз иштеп жатканы, бул ишкананы жана башка жайларды МАГАТЭнин инспекторлору эки айдан бери көзөмөлдөй албай калганы айтылат.
Докладдын мазмунун комментариялап,Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асгар Солтание аны Тегерандын атомдук программасында эч кандай аскерий элемент жоктугун тастыктаган документ деп баалады.
Ал эми Вашингтондо Ак үйдүн өкүлдөрү МАГАТЭнин докладын Иран эл аралык коомчулукка кыр көрсөткөн тоңмоюн саясатын улантып жатканын ырастаган кезектеги танык катары кабыл алышты. Мамлекеттик катчынын орунбасары Николас Бернс АКШ менен анын союздаштары Ирандын жадакалса чектелген өлчөмдө уран байытканына да макул боло албайт, деп билдирди.
МАГАТЭнин жаңы доклады менен эми Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү,”алтылыктын” өкүлдөрү таанышып чыгышат. Андан соң Иранга каршы көрүлө турган чаралар, жаңы резолюциянын долбоору боюнча консультациялар башталат. Байкоочулар Тегеран өкмөтү мурдагыдан бир кыйла катаң санкцияларга кабыларын калетсиз дешет, бирок иш аскери чараларга жетерине ишенишпейт.
Ирандын ырасмий өкүлдөрү болсо жаңы резолюциядан деле майнап чыкпай турганын айтып жатышат. “Буга окшош жүз чечим кабыл алсаңар да, ишенип койгула, Иранда эчтеме өзгөрбөйт, болгону эл аралык бул уюмдун гана аброю төмөндөйт”,-деп эскерткен эле президент Ахмединежад.