Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

ИШЕНБАЙ АБДУРАЗАКОВ: ШАШЫП ЧЫГАРГАН ЧЕЧИМ ЗЫЯНДУУ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши көрүнүктүү дипломат, коомдук саясий ишмер Ишенбай Абдуразаков болду.

- “Манас” авиабазасын өлкөдөн чыгаруу маселеси атайын түзүлгөн комиссиянын иликтөөсүнөн соң Жогорку Кеңештин күн тартибине коюлганы турат. Депутаттардын көпчүлүгүнүн маанайын эске алганда ушул парламент база тууралуу кандай чечимге келет деп ойлойсуз?

- Парламент бул маселени ийне-жибине чейин иликтебей туруп чечим алган болсо, ал биз үчүн анчалык пайдасы болбой калышы да мүмкүн. Себеби бул маселенин эки жагы бар. Биринчиден, эмне үчүн авиабаза бул жерге келген. Элдин барына белгилүү, Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшүш үчүн келген. Бул жалгыз эле Америка менен Ооганстандын ортосундагы күрөш эмес, бул бүткүл Борбордук Азиядагы коопсуздукка байланыштуу маселе болгондуктан Россия дагы, Кытай дагы ошого макулдугун берип анан келген нерсе болчу. Мунун өзүнүн мандаты бар.

Бирок экинчиден, бул маселе Иванов менен Паркселдин ортосундагы окуядан улам чыгып отурат. Албетте мында маселе бар. Америкалыктар чет өлкөдөгү аба базаларында өздөрүн жергиликтүү элдин мыйзамына баш ийдирбей койгон учурлар бул бизде эле эмес бүткүл дүйнөдө кезигет. Бул айрыкча Иванов өлтүрүлгөндөн кийин биринчи түрткү болду. Экинчиден, авиа базанын бир топ жактарында ачыктык болбой, элдин көпчүлүгү мунун бизге пайдасы менен зыянын анык билбей аткандыктан дагы түшүнүксүз иштер көп болуп атат. Үчүнчү дагы бир жагы бар, муну ачык эле айтып коюш керек, азыр кээ бир биздин өлкөнүн сыртындагы күчтөр дагы ушуну козутуп, ушуну шылтоо кылып туруп элди түртүп атат. Ошондуктан бул көп тараптуу маселе болгондуктан, менин оюмча депутаттар дагы бүт барын жакшылап анализдеп туруп анан чечимге келиш керек. Шашып чечим чыгарып ийишсе анда биздин стратегиялык мамлекеттик кызыкчылыгыбызга зыян келип калышы мүмкүн. Ошону келтирбей тургандай кылыш керек.

- Сиздин оюңузча ушул мамлекеттик кызыкчылыктарга дал келген эң оптималдуу чечим кандай болот эле?

- Мында бир-эки эле маселе бар. Биринчиден, азырынча Ооганстанда акыбал жакшы болуп саясий күчтөр демократиялык нукка кирип талибдер жана башка күчтөр биздин регионго коркунуч келтирбейт деген ишенимге келгенге чейин бул база бул жерде туруш керек. Экинчиден, бул базаны колдонгондо биздин өлкөбүздө иштеп турган биздин жарандарга кандай пайдалуу жагы болуп атат, ошону элге жакшылап айтыш керек. Үчүнчүдөн, америкалыктар бул жерде жүргөн аскерлерине биздин мыйзамды аткарып, ошонун негизинде иштеш керек деген келишимде жобо болуш керек. Бизде айкындык болбой аткандан жанагыдай маселелер чыгып атат. Кээ бирлер айтып атпайбы бензин төгүлөт, андай-мындай деп. Эми ал базанын эле учактары күн сайын эле массалык түрдө учуп аткан жери жок. Андай нерселер граждандык самолеттердо деле болот. Андан биздин экологияга канча зыяны бар экенин такатап туруп, анан америка тарап менен дагы бир аз сүйлөшүш керек.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Жаннат Токтосунова, Прага

XS
SM
MD
LG