Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

ИРАНГА КАРАТА БАСЫМДЫ АКШ КҮЧӨТҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик 23-май күнү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Иран боюнча кезектеги отчет тапшырды. Кеңештин мурдагы талаптарын Тегеран аткарбагандыктан, АКШ жана айрым башка мамлекеттер Иранга каршы мамиле катууланууга тийиш деп билдирүүдө.

Эл аралык коомчулук менен Бириккен Улуттардын талаптарын Иран аткарбагандыктан, ага каршы декабрда эскертүү жасалган жана андан соң Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 24-март күнү экинчи резолюция кабыл алып, 60 күндүн ичинде уран байытуу иштерин токтотууну талап кылган. Эскертүүнүн мөөнөтү аяктаган күнү Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи Кеңешке отчет тапшырды жана анда - уран байытууну токтоткондун ордуна Иран ал иштерди кеңейтти деп айтылат.

АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Залмай Халилзад дароо - Иранга каршы мурда жарыяланган чектөөлөр катуулантылууга тийиш деп билдирди: "Биз мурда кабыл алган чечимдер, биз жасаган басым каалагандай жыйынтыкка алып келген жок. Ошондуктан кошумча басым жасоого убакыт жетти, андай басымды кеңейтип-тереңдетүү керек, Ирандын саясаты, анын режими өзгөртүлүүгө тийиш", - деди Халилзад 23-май күнү Нью-Йоркто.

Окшош пикирди Улуу Британиянын Бириккен Улуттардагы элчиси Эмир Жонс Перри дагы айтты, бирок айрым башка өкүлдөрдүн пикиринде, маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттениш керек. Ал тууралуу Орусия, Кытай, Катардын Бириккен Улуттардагы өкүлдөрү билдирди. Түштүк Африканын элчиси Думисани Кумалонун айтымында, чектөө менен басымды күчөтө берүү жыйынтык бербей жаткандыктан, башка ыкмалар табылууга тийиш.

Ирандын Коопсуздук маселелери боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани 23-май күнү билдиргенге караганда, Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин шарттарын Тегеран бузган жок, анын өзөктүк изилдөөлөрү болсо аскерий максатты көздөбөйт.

Азыр Ирандын Натанз шаарынын алдындагы ишканасында бир миң алты жүздөй уран байытуу аспаптары иштеп жатат, өкмөт алардын санын жакын арада үч миңге жана жылдын аягына чейин 50 миңге чейин жеткирүүнү көздөйт. Батыш эксперттеринин айтымында, Натанздагы уран азыр 5 пайыз тазалыкка чейин жеткирилүүдө, атом бомбасын өндүрүү үчүн 80-90 пайыздагы тазалык керек жана 50 миң аспап иштесе, ал иш 10 эсеге ылдамдайт.

31-май күнү болсо Ларижани менен Европа Биримдигинде тышкы саясат жана коопсуздук маселелери үчүн жооптуу Хавьер Солана кездешүүгө тийиш. Ирандын өзөктүк маселеси жөнүндө алар алгач апрелде Анкара шаарында жолугуп-сүйлөшкөн. Дүйнө мамлекеттери азыр ушул жолугушуудан кандай жыйынтык чыгаарын күтүүдө, аны менен катар Коопсуздук Кеңешинин үчүнчү резолюциясынын долбоорун даярдоо иштери дагы башталды.

АКШ болсо Перс булуңунда аскерий машыгуу өткөрүүгө даярданууда жана 23-май күнү Ормуз кысыгы аркылуу булуңга учак конуучу эки кеме өттү. Аларды көптөгөн башка кеме коштоп жүрөт, машыгууга болсо 140 учак жана 17 миңге жакын аскер катышат.

XS
SM
MD
LG