Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:27

25-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1825-жылдын бу күндөрү кыргыздардын бугу уруусунун элчилиги Омск шаарында жүрүштү. 1925-жылдын бу күнү ВЦИКтин токтомуна ылайык, Кара-кыргыз автономиялык областы Кыргыз автономиялык областы болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыздардын бугу уруусунун элчилиги 1825-жылдын бу күндөрү Омск шаарында болуп, шаар турмушу менен танышышты. Орус архивдик материалдарына караганда бугулардын-белек, желдең, арык урууларынын элчилери үч талап менен Омскиге келишкен. 1. Бугунун элчилери Томск шаар бийлигинен аларды Санкт-Петербургдагы падыша сарайына жиберүүсүн өтүнүшкөн. 2. Бугуларга жайгашканга жер берип, анда тартип орнотулушун талап кылышкан. 3. Бейтартипсиздерди тыйып, кербен жолун коопсуздугун камсыз кылууну суранышкан.

Таанымал саякатчы Ч. Ч. Валиханов 1856-жылдын бу күнү Санташтын оозундагы Түп суусунун боюна түнөп, мындагы жер шарты, жаратылыш дүйнөсү жана элдик уламыштар туурасында маалымат топтогон. Анын жазганына караганда, Санташ боюнча эле эл оозунда бир канча уламыш айтылып келген жана алардын бири, Санташ Тамерлан маалында пайда болгон деп кабарланат.

Пишпек аткаруу комитетинин эл депутаттар кеңеши 1919-жылдын 25-майында 1-Пишпек советтик полкунун командири Яков Логвиненкого арыз менен кайрылышты. Эл депутаттар кеңеши Яков Логвиненкодон кызыласкерлердин калк арасында башаламандык чыгарышына жол бербей жана алардын бейтартип иш жазап, тынчтыкты бузушуна тыю салынышын суранышкан. Мындан тышкаары, кызыл аскерлердин мас абалында шаарга чыгарбай, адамдарды талап, тоноолорун токтотулушу талап кылынат.

Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу комитетинин 1925-жылдын 25-майдагы токтомуна ылайык, Кара-кыргыз автономиялык областы Кыргыз автономиялык областы болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан КП БКнын V Пленуму 1959-жылдын бу күнү ишин баштады. Пленумда КПССтин XXI съездинде каралган партиялык уюштуруу иштерин жандандыруу жана саясий агитациялык ишти илгерилетүү талаптарын аткаруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Бу күнү, 1930-жылы советтик педиатор, медицина илимдеринин доктору, профессор Добулбек Алышбаев жарык дүйнөгө келген. Ал убагында бала жана эне коргоо илимий изилдөө диагностиканын бөлүм башчылыгында эмгектенип, 126 илимий макала жана 2 монографияны көлөмүндөгү илимий эмгектерди жараткан. 1932-жылы таанымал акын жана жазуучу Садыбакасов Шадман жарык дүйнөгө келген.

Франциянын жумушчулары 1864-жылы стачка өткөрүп, кесиптик уюмдарга биригүүгө укук алышса, 1956-жылы, 16-18 жаштагы улан-кыздар үчүн 6 сааттык жумушчу күн белгиленген.
XS
SM
MD
LG