Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

АМЕРИКАЛЫК МУСУЛМАНДАР ӨЗҮН КАНДАЙ СЕЗИШЕТ


Кошмо Штаттарда жакында өткөрүлгөн иликтөөлөрдүн бири бул өлкөгө иммигрант ирээтинде көчүп барган мусулмандар коомго жеңил эле жуурулушуп кетип жатканын көргөздү. Алардын көбү азыр АКШнын атуулдугун алышкан жана алууну көздөшөт. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Эндрю Талли мына ошол иликтөөнүн авторлорунун бири- Вашингтондогу Пью изилдөө борборунун өкүлү Льюис Лугого кайрылган.

- 2001-жылдын 11- сентябрынан кийин Кошмо Штаттарда мусулман болуу кандай?

-Алар мусулман катары фанат же кызыл кандуу дегендей шек менен караган аракеттерди көп эле сезишкен. Сөз жүзүндө айрым бир тынчын алуулар болгон, иш жүзүндөгү инциденттер көп эмес, бирок олуттуу тынчыздануу бар, мында кеп жок.Көп сандагы адмдар, балким, америкалык мусулмандардын үчтөн биринин чейреги жеке өзү сабырсыздыктын түрдүү көрүнүштөрүнө кабылганын билдиришкен.

- Анткен менен силердин иликтөө Кошмо Штаттарга иммиргацияланган мусулмандар өзүн негизги чөйрөдөн изоляцияда калгандай сезбесин көргөзүп жаткандай го?

- Мусулмандар Кошмо Штаттарды өз үйүндөй сезишет. Алар жашоосуна, чөйрөсүнө кубанычта. Америкалыктардын талыкпай иштөө, ийгиликке жетүү өңдүү баалуулуктарын кабыл алууга дилгир. Мен жеке өзүм алардын көбү Кошмо Штаттардын жараны болуп калышкандыгын айтканда таң калдым. 1990-жылдарга чейин келгендердин 90%дан ашууну азыр АКШнын жарандары. Атүгүл 1990-жыдары келгендердин 70%дан ашууну да жарандыкты алып алганын айтышты.

-Иликтөөгө тартылгандардын жарымына жакыны өзүлөрүн оболу мусулман, андан кийин гана америкалык деп санаарын айтышыптыр. Бул мусулмандарга эле тиешелүү көрүнүшпү?

-Бул мусулмандардын гана маселеси эмес, диний маселе. Биз бул көрүнүш динге катуу ишенген америкалыктар арасында да өкүм сүрөрүн аныктадык. Маселен, сиз Америка калкынын эң диний бөлүгү -евангелисттердин санын карасаңыз, алардын 62%ы өзүлөрүн оболу христиан, андан кийин гана америкалык деп эсептешет.

- Ирактагы согуштан улам АКШдан сырткары жактарда көптөгөн мусулмандар Кошмо Штаттардын өкмөтүнө кыжырданат. Бул жагдай көптөгөн жаш мусулмандардын согушчан топтордун катарына кошулуусун шарттады. Жогорудагыдай кыжырданууну Кошмо Шттатардын өзүндөгү мусулмандар бөлүшөбү?

-Исламчыл согушкерлер, ислам радикализми, жанкечтилердин бомба жардыруулары жөнүндөгү суроорлордон биз америкалык мусулмандардын басымдуу бөлүгү мындай тактиканы, мындай топторду, анын ичинде "ал-Каиданы" жээририн билдик. Биз ошондой эле америкалык мусулмандар арасында ислам экстремизминин күчөшүнө карата тынчыздануу жогору экенин аныктадык. Европадагы мусулмандар жана жалпы мусулман дүйнөсү менен салыштырганда жанкечтилердин чабуулдарына карата тескери маанайдагылар басымдуулук кылат. Айрым бир учуплар боюнча жанкечтилердин жардырууларын суралгандардын 8%ы колдойт экен. Европа мусулмандары арасындагы көрсөткүчтү карасаңыз мындан эки эки эсе, мусулман дүйнөсүндө бир нече эсе көптүк кылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG