Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

"АКЫРКЫ КОҢГУРООНУН" ЫРАХАТЫ,ТААСИРИ


25-майда Кыргызстандын 2 миңден ашуун орто мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Мектеп уясынан учуп чыккан темир канат жаштар үчүн мындан ары билим алууну улантууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Адистердин айтымында, өлкө инженердик-техникалык кесиптин ээлерине, информатика жана чет тилдер мугалимдерине муктаж.

Бүгүн өлкөнүн бардык орто мектептеринде бүтүрүүчүлөр үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаттары өткөрүлдү. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык ашыкча шаан-шөкөт болбой, окуучулардын мектеби, мугалимдери менен коштошуу маанайында гана өткөрүү белгиленген.

Мындай салтанат Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиясында болуп өттү. Мектепти бүтүрүп жаткан окуучулар мындай дешти:

Жеңишбек кызы Мээрим: - Ар бир адамдын «акыркы коңгуроосу» өмүр боюу эсинде калат. Классташтарыма ийгилик жана ак жол каалайм.

Жолдубай Асанбеков: - Мен келечекте экономист болгум келет. Ошондуктан,Кыргыз улуттук Университетке тапшырганы жатам.

Асел Саматова: - Быйыл мектебибиз үчүн дагы кош кубаныч болуп жатат. Биздин мектепке да ачылганына 80 жыл болду. Мен келечекте котормочу болуп, чет өлкөлүктөргө өлкөбүздү кеңири тааныткым келет.

Балдарга билим жана тарбия берүү милдетин мектепке, мугалимдерге жүктөп коюп, айрым ата- энелер четте калып жатканын гимназиянын директору Элнура Музаева белгиледи:

- Жергиликтүү калктын өкүлдөрү көр-оокат деп жүрүп, учурдагы кыйынчылыктарга шылтоолоп, балдарга көңул бөлө албай жатат. Азыр аларга камкордук кылбасак, кийин кеч болуп калат.

Окуучуларга терең билим берүү үчүн окуу китептерин улуттук өзгөчөлүктөргө ылайык кайра түзүүнүн зарылдыгын ата- энелерден Гүлмира Самакова да айтып, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуунун зарылдыгын белгиледи:

- Кыргызстан эгемендүү болгону билим берүү тармагына реформа кылууга аракет кылынганы менен окуу китептерин кайра жазуу маселеси аткарылбай келүүдө. Китептердин сырты гана өзгөрүлүп, ички мазмуну улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кайра түзүлүшү мезгил талабы.

Улуттук компьютердик гимназиядагы акыркы конгуроо салтанатына катышкан өлкөнүн билим берүү министри Каныбек Осмоналиев бул күндүн маанисин айтып, мындай деди:

- Өлкөдө быйыл өткөрүлгөн олимпиаданын 25 жеңүүчүсүнө жогорку окуу жайына кабыл алууга орундар даяр. Тоголок жетимдерге, көп балалуу үй бүлөөдөн таалим алгандарга, социалдык жактан коргоого муктаж бүтүрүүчүлөргө жеңилдиктер берилет.

Быйылкы окуу жылында өлкөдөгү 2 миңден ашуун орто мектепти 79 миң 632 окуучу бүтүрүү экзамендерин берүү алдында турат. Алардын 33 миң 882си жалпы өлкө боюнча тестирлөө сынагына катышууга катталышкан.

19-20- майда билим деңгээлин сыноочу тестирлөө Бишкек шаары менен Чүй облусунда өткөн. Калган 6 облуста 26- майдан 31- майга чейин тестирлөө сынагы болот. Ошол тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 миң 700 бүтүрүүчү өлкөнүн жогорку окуу жайларына мамлекеттик казынадан каржылоо менен окууга кабыл алынат.

Мындан сырткары мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык Орусиянын жогорку окуу жайларына 80 орун белгиленген. Орусиянын эң барктуу Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана башка 7 шаарындагы ар түрдүү кесипке даярдоочу окуу жайларынан билим алууга окуу жайларына мүмкүндүк берет.

Мына ушундай мамлекеттер аралык бекер билим алуу тажрыйбасы Түркия өлкөсү менен дагы түзүлүп, 10 жылдан бери үзүрүн берип келүүдө. Быйыл кыргызстандык жүздөн ашуун бүтүрүүчү Түркиянын жогорку окуу жайларынан бюджеттик каржылоонун негизинде билим алуу мүмкүндүгүнө ээ болушат. Учурда кыргызстандык жети жүздөй жаштар Түркиянын ар кайсыл окуу жайларынан мамлекеттик каржылоонун эсебинен билим алышууда.

Мындан сырткары АКШ, Франция, Германия, Йордания, Египет жана башка өлкөлөрдө билим алып жатышкан кыргызстандык жаштар бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG