- Кечээ парламент өкмөттүн энергетиканы менчиктештирүү программасына начар деген баасын берди. Буга эмне себеп болду?
- Негизинен бул бир жыл мурун эле коюлган баа болчу. Мурдагы комитетти кечээ парламент көпчүлүк добуш менен колдоду. Бул 2001-жылдан кийин мурдагы Кыргызэнерго бөлүнгөндөн кийин жасалган реформалар жетиштүү ийгилик алып келген жок деп айтсак болот. 2001-жылга Кыргызэнерго кандай көрсөткүчтөргө жетишкен болсо, калган алты жылдын тегерегинде ошол көрсөткүчтөрдүн баарын жоготуп, кайрадан 95-96-жылдагы калыбына келип калды. Ошол себептен көпчүлүк депутаттар бул реформа өзүн актаган жок, андан кийинки этапка өтүп, андан ары алып барышка программа жарабайт, программаны кайрадан карап келиш керек деген чечимге келишти.
- Жаңы программа кандай болуш керек, депутаттардан кандай сунуштар түшүп атат?
- Менимче, эки жогорку компания тууралу, Электр станциялар компаниясы, андан кийин Улуттук энерго тармактары, бирөө электр энергияны чыгаруу, экинчиси ташып жеткирүү компаниясы жөнүндө сөз жок. Алар 93 пайызы мамлекетке тийиштүү боюнча калыш керек. Бөлгөнгө жарабайт. Сөз бөлүштүрүүчү, сатуучу компаниялар жөнүндө болуп жатат жана Бишкек жылуулук электр борбору жөнүндө болуп жатат.
Алар жөнүндө боло турган болсо, көпчүлүк депутаттар айтып жатат, муну азыр ушундай абалда сатып, же концессияга бергенге ТЭЦтен башкасы болбойт деп. Себеби азыркы көрсөткүчтөр абдан жаман. Эгерде ушундай абалда бирөөгө сунуш кыла турган болсок эч ким жарытылуу акчага албайт, жарытылуу шарт менен да албайт. Ошондуктан азырынча буларды мамлекеттин астында калтырып, структураларды өзгөртүп, башкаруу системаларын, кадр маселелерин карап, андан кийин кайра келели деген сөз болуп атат.
Бишкек электр борбору боюнча аны карап көрүш керек. Чынында эле бирөө каалап алып ошону башкарабыз, же концессияга алабыз дей турган болсо аны карап көрсөк болот. Депутаттардын ою башкача ал боюнча.
- Бөлүштүрүү компаниялар жылдык отчет боюнча азыр учурда 3 млрд. 160 миллион сомго жакын дебитордук карыз болуп отурат. Балким ошол компанияларга чечкиндүү чараларды көрүш керек?
- Ал жөнүндө биз айттык. Сиз айткан карыз электр энергияны колдонуучулардын алдындагы карыз. Алардын жогоруда мен айткан эки компанияга карызы 5 миллиарддан ашып кетти. Бүгүнкү күндө экономикалык тил менен айтканда алар банкрот болуп калышты. Ошондуктан биз айтканбыз бүгүнкү күндө болгон карыздардын барысын териштирип, инвентаризация жасап, өндүрүп ала турганын өндүрүп алып, калганын мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алып, мындан кийин ишти жаңыдан башташ керек деген сөз болуп жатат. Сатуу боюнча иштеп аткандарды карап көрсө болот. Сатуу функциясын мүмкүн кээ бир жерлерде эксперимент катары берип көрсө болот, мүлктү бербестен.
- Жогорку Кеңеш баш прокуратурага энергетика тармагын талап-тоноого алдырып жиберген адамдардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо деген тапшырмасын берди. Бул тапшырма аткарылабы сиздин оюңузча?
- Бул көптөн бери эле келаткан тапшырма. Бул аягына чыгат деген үмүтүм жок. Себеби 2001-жылдан баштап канча иш козголуп, кайрадан унутулуп калып атты. Бирок чыкса жакшы болот эле. Жок дегенде ошол жактан көрүнүш керек болчу эмне себептен ушундай кыйын абалга келип калганыбыз.
- Ал эми тиешелүү мекеменин жетекчиси кызматынан кетеби?
- Өкмөткө оондой тапшырма берилди. Ал жерде Баш прокуратура же башка күч органдар ошондой чечимге келе турган болсо, ал өзүнчө чечилиш керек. Чынын айтканда Кыргызэнерго бөлүнгөндөн кийинки түзүлгөн жети ишканын ичинен болгону эки ишкана жакшы көрсөткүч менен иштеп атат, Улуттук электр тармактары менен Бишкек жылуулук бөлүштүрүүчү компаниясы. Алар аз болсо дагы жыл сайын көрсөткүчтөрүн оңдоп, дивиденд берип келатат. Калган беш компания боюнча кыйын болуп атат. Ошонун ичинен бөлүштүрүү компаниялары жаман иштегендиктен Электр станциялар компаниясы дагы жаман абалга келип калып атат. Экспорт боюнча дагы көп маселелер болуп атат. Ошонун негизинде биз өкмөткө айттык карап чыккыла деп.
- Маегиңизге ырахмат.