Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

АКЫРКЫ КОҢГУРОО ЖАНА ЖАҢЫ КАДАМДАР


Аида Касымалиева, Бишкек Мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, кечээки мектеп окуучуларын кесипти туура тандоо, сынакка жакшылап даярдануу жана бүтүрүү кечесин унуткус кылып өткөрүү сыяктуу суроолор ойлондурду. «Азаттык+” жаштар телепрограммасынын соңку чыгарылышы, дал ушул суроолорго арналды.

Мектепти бүтүп, чет өлкөнү самап...

Жылдыз аттуу кыз чет өлкөдөн саясат таануу боюнча билим алгысы келет:

- Кыргызстанда азыр бейстабилдүүлүк байкалат. Саясий институттар жакшы өнүккөн эмес. Мына ошондуктан мен чет өлкөдөн жакшы билим алып, бул жерге келип иштегим келет.

Учурда Кыргызстанда АЙРЕКС, АКСЕЛС жана "Сорос-Кыргызстан" корунун чет өлкөдө окутуу программалары иштеп келет. Бул программалар мектеп окуучуларына, студенттерге жана жогорку окуу жайларды аяктап, чет өлкөдөн окууну улантам деген жаштарга эсептелген. Мектеп окуучуларына ылайыкташтырылган Акселс программасынына 9, 10, жана 11-класстарынын окуучулары катыша алат. Бул жылы АКШга Акселс программасынан 74 балага орун бөлүнгөн.

- Бул программа өлкөнун бардык мектептеринде өткөрулөт. Кабыл алуу сентябрь айында башталып, декабрда аяктайт. Тандоо бир нече бөлүктөн турат. Биринчиси, программага катышам деген окуучулардын тизмеси такталып, анан тест сынагы өткөрүлөт. Андан кийин интервью маек алынат. Сынактан өткөн окуучу АКШнын мектептеринин биринде окуй алат. Ал жерде окуучу бир үйбүлөнүн үйүндө жашайт. Бардык чыгымдарыды программа оз мойнуна алат. Бул программага өтүш үчүн англис тилин жакшы билүү эң башкы талап. Ал эми программа тууралуу толук маалыматты мектеп жетекчилигинен билсеңер болот. ,- деп билдирди АКСЕЛС программасынын кызматкери Ирина Заплатина.

Кошумчалай кетели, АКСЕЛС программасына мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар да катышса болот.

Ал эми студенттер үчүн Айрекс программасы бар. Кыргызстандагы Маски стипендиясынын координатору Асель Кыдырова:

- Бизге 5 жылдык окуу жайдын 1,2,3-курстарынын студенттери тапшыра алышат. Бирок, ошондо дагы 21ге чыга элек болушу керек. Биздин программа күздө башталат. ,- деди Асель Кыдырова.

Эгерде жогорку билимдүү болуп, магистратураны чет өлкөдө улантып же илимий эмгек жаратам дегендерге "Сорос-Кыргызстан" фондусунун программалары бар.

- Биз аркылуу Америкада, Англияда жана Францияда окууга болот. Стипендия берилет жана башка чыгымдардын бардыгы фонд тарабынан төлөнөт. Тест жана интервью Бишкек жана Алмата шаарларында өткөрүлөт. Жолго кеткен чыгымды да фонд төлөйт. Белгилей кетчү башкы нерсе, тапшыруучулардын жашы чектелген эмес. Жыл сайын бул үч программа аркылуу 300дөн ашуун окуучулар, студенттер чет өлкөдө окууга жолдомо алышат. Ал эми кээ бир университеттерде эки тараптуу алмашуу программалары иштейт,- деп ой бөлүштү билим берүү программаларынын ассистенти Ракия Рустемова.

Жогорку билимдүүлөрго караганда кесиптик окуу жайларынын бүтүручүлөрү 2 эсе көп айлык алышат.
Мындай маалыматты “Азаттык+” Кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Адыл Тайлаковдон алды:

- Жогорку билимдүү болуу албетте приоритеттүү, бирок алар үчүн жумуш жок. Ал эми баштапкы кесиптик билим алган адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңири.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс катчысы Акунжан Абдрашитов, окуу жылын жыйынтыктап жатып, андагы өзгөчөлүктөргө мындайча токтолду:

- Кыргызстан боюнча 2101 мектеп бар. Быйыл 11-классты 78 миң окуучу бүтүрдү. Бул окуу жылына 100 миллион сом акча каралган болчу, ал каражатка китеп басып чыгаруудабыз. Анын негизинде китеп менен камсыз болуу 75,4 пайызды түзүп жатат. Бүтүндөй республика боюнча президенттин жарлыгына ылайык 1-4-класттарынын окуучуларына ысык тамак бериле баштады. Республикалык тест Чүй облусунан башка аймактарда 27-31-майда өткөрүлөт. Ошол тесттин негизинде 5705 бюджеттик орунга абитуриенттер кабыл алынышат. Бизде өлкө боюнча 49 жогорку окуу жай бар, анын 32си мамлекеттик.

Сынак жана стресс

Психолог Перизада Алкожоеванын айтымында экзамендин бардык түрү - стресс. Бирок сынак - бул жашоонун аягы эмес:

- Сынактан өтпөй калсаңыз андан чоң трагедия жасабаңыз. Ошондуктан көп ойлонбоңуз, көп уктаңыз, терең дем алыныз. Дем алып жатканда бешке чейин, ал эми дем берип жатканда жетиге чейин сананыз. Экзамен учурунда стресстин 2 түрү байкалат. Биринчиси - "арстандын стресси", ал эми экинчиси болсо - "коендун стресси". "Арстандын стресси" адамдын ресурстарын мобилдештирет, адам кыйын жагдайдан чыгуунун эффективдүү жолдорун издей баштайт. Ал эми "коендун стресси" тескерисинче адамды эстен тандырып, бардык билген маалыматын унуттурат. Коендун стрессин арстандыкына айландыргыңыз келсе, сынакта туура, так жооп берип жатканыңызды элестетиңиз. Мындан тышкары окутуучулардын стереотипин эске алыңыз. Сынакка эч качан акырыкы болуп кирбеш керек. Мугалимдин элесинде акыркы кирген адам "экинчи". "4" же "5" алгыныз келсе, башында кириңиз.

Перизада Алкожоеванын айтымында шпаргалкаларды пайдалануу стрессти көбөйтөт жана зыяндан башка эч пайда алып келбейт. Аны колдонгон окуучу бир аз билгенин да такыр унутат. Түрдүү күлкүлүү ырым-жырымдар сизге ишенимдүүлүктү пайда кылса, ишене бериңиз!

“Талкуу” рубрикасы: Бүтүрүү кечелерин мектепте эле өткөрүү керекпи?

Бул ирет талкуу рубрикасына мектеп окуучулары өздөрү катышты. Наргиза Чыдыбаеванын пикиринде бүтүрүү кечээлерин мектепте өткөрүү керек.

- Эң биринчиден кафе-ресторандар бүтүрүүчүлөрдүн аң-сезимин бузуп жатат. Себеп дегенде бүтүрүү кечээси жакындаган сайын окуучу “мен эмнени кийем” деп ойлоно баштайт. Сынакка жакшы даярданбастан, чач жасалгоосу же белектер тууралуу ойлонот. Андан тышкары көп окуучулардын ресторан жана белек-бечкектер үчүн акчасы жок. Бул проблеманы окуучулар трагедия катары кабыл алышып, өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин барышууда.

Экинчи катышуучу Назгүл Иманбекова Наргизанын оюн мындайча төгүндөдү:

- Менимче бүтүрү кечээсин ресторанда же мектепте өткөрүү чоң деле проблема эмес. Бул суроону талкуулап энергия кетиргиче, күчтү сынакты жакшы деңгээлде өткөрүп алууну максат кылуу керек. Анан дагы адамдын кафеге баруусун же барбоосун сиз кантип контролдойсуз. Бул ар бир адамдын өз эрки.

“Талкуу” рубрикасынын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн jashtar@azattyk.kg дарегине кат жазыңыздар же болбосо (0612) 90 15 41 телфон номуруна чалыңыз. Ал эми “Азаттык+” телепрограммасынын кезектеги чыгарлышын 28-май күнү Улуттук телеканалдан кечки саат 8.35те күтүңүз. Анда биз турак-жай жана жаштар маселесин көтөрөбүз.
XS
SM
MD
LG