Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:38

УКРАИНАДА АСКЕР КҮЧТӨРҮНҮН БӨЛҮКТӨРҮ КИЕВГЕ ЖӨНӨШТҮ


Төрөкул Дооров, Москва Украинада кечээтен бери өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн негизги саясий топтор кеминде эки ирет сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Президент Виктор Ющенко менен премьер-министр Виктор Януковичтин акыркы жолугушуусу бир канча мүнөт мурдараак башталды. Бүгүн белгилүү болгондой, айрым региондордон өлкөнүн президентти колдогон аскерий күчтөрүнүн эки миңдей кызматкери Киевди карай жол алды.

Бүгүн Украинанын Ички иштер министрлиги билдиргендей, министр Василий Цушконун кой дегенине карабай, өлкөнүн аскердик күчтөрүнүн эки миңдей кызматкери баш калаа Киевке карай жөнөдү. Маалымат агенттиктеринин кабарына ылайык, кийинчерээк бул кабарды аскерий күчтөр командачылыгы да ырастады.

Министр Цушко Киевке келаткан аскерлер жөнүндө бүгүнкү пресс-конференцияда өз пикирин билдирди.

- Эмне үчүн азыр бул аскерий күчтөр Киевке келе жатышат? Алар Киевке келип азыр кайсыл тополоңду токтотушат? Буга зарылчылык барбы деги? Араңыздарда эч ким буга жооп бере албайт. Мен да айта албайм. Ошондуктан мен алар эмне үчүн бул жакка келе жатышканын билишим керек. Машыгууларгабы же эмнеге келишет?, - деди Цушко.

Министр В.Цушко өлкөнүн премьер-министри Виктор Януковичти колдойт. Бирок жума күнү кечкисин президент В.Ющенко өлкөдөгү күч структураларын Ички иштер министрлигинин карамагынан жеке өзүнө баш ийдирген жарлык чыгарган эле. Президенттин бул кадамын В.Янукович «күч колдонуу аракети» катары баалады.

Виктор Януковичтин Региондор партиясынын Донецкидеги бөлүмүнөн кабарлашкандай, ал жердеги аскерий бөлүктөрдүн кызматкерлери чын эле Киевке жол алышкан.

- Бизге маалым болгондой, аскерий күчтөрдүн жеке составынын 600 дөй кишиси колдоруна таяктарды, калканы кармап, ок өткүс желектерин кийинип, Киевде атайын тапшырманы аткаруу үчүн кетишти. Күч структуралары саясий проблемаларды чүчүүгө колдонулушу мүмкүн. Бул «кылмыштуу буйрукту» аткарып жаткан аскерий бөлүктүн командири өзүнүн жоокерлерин ыплас иште колдонуп жатат. Эми эле эрезеге жеткен, жакшы даярдыктан өтпөгөн балдар элге каршы багытталса, кан төгүлүшү ыктымал, - дейт Региондор партиясынын Донецкидеги өкүлү.

Аталган партиянын депутаттары айрым облусттарда аскерлерди Киевке барбоого көндүрүшкөнү айтылууда.

Анын аралыгында ушул сааттарда президент Виктор Ющенко, премьер Виктор Янукович жана парламенттеги саясий топтордун сүйлөшүүлөрү уланууда. Алар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону кайсыл мезгилге өткөрүү керектигин талкуулап жатышат. Ушундай эле сүйлөшүү кечээ түн бир убакка чейин созулуп, тараптар бир пикирге келе албай коюшкан.

Бүгүнкү жолугушуунун алдынан президент Виктор Ющенконун да, премьер Виктор Януковичтин да тарапкерлери бири-бирин «провокацияга жол бериши мүмкүн» деп айыптаганга үлгүрүштү.

Янукович кечээ Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана менен телефон аркылуу сүйлөштү. Солана Украинада ачык жана акыйкат шайлоо өткөрүш үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өткөртүүлөрдү киргизиш керектигин айткан. Аны менен катар жагдайды жөнгө салууда күч колдонбогонго чакырды.

Евробиримдик, Орусия жана Америка Кошмо Штаттары Украинадагы саясий кырдаалга камтамачылык билдирип, конфликтти чечүүдө күч колдонбогонго чакырышты.

Президент В.Ющенко менен премьер-министр В.Янукович 2004-жылдан бери бийлик үчүн күрөшүп келишет. Алгач алар президенттикке талапкер катары таймашышса, эми президент жана өкмөт башчы катары беттешип олтурушат.

Соңку эки айдан бери Украинадагы бул негизги эки саясатчы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону качан өткөрүү керектиги тууралуу суроодо бир мунасага келе албай коюшту. Бирок сүйлөшүүлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG