Бүгүн өкмөт башчы Алмаз Атамбаев эртең мененки саат тогуз жарымда самолет менен Таласка учуп келип, жарым саат облустук администрациянын жыйындар залында облустук, райондук жетекчилер, аксакалдар менен жолугушту. Өкмөт башчы Россия, кошуна Казакстан мамлекеттери менен төө бурчакты реализациялоо маселесин сүйлөшүп жатканын айтты. Ошондой эле айрым топтор тарабынан жолдор мыйзамсыз жабылып, жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматкерлери мындай көрүнүшкө кайдыгер мамиле жасап жатканына ачууланды:
- Эгерде мындай тартип бузууларга чара колдонулбаса прокурор болобу, УВДнын башчысы болобу, сот болобу барыңар иштен кетесиңер, - деди Алмаз Атамбаев.
Жарым сааттык жыйындан кийин өкмөт башчы Талас районуна караштуу Аксай айылындагы мектептин алдында кендердин иштешине каршы турган миңден ашуун жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Алгачкы сөз кендердин иштешине каршы турган лидер Шумкарбек Жумакеевге берилди:
- Алтын өндүрүү долбоорун ишке ашуусу менен ушул жердеги абал кескин начарлоосу күтүлөт деген сөз айтылып атат. Дагы бир официалдуу документ, мыйзам чыгаруучу депутаттардын кайрылуусу бар, азыр калдык топтолгон жерлердеги абалды оңдош үчүн 200 млн. доллар керек экен. Буга Кыргызстандын алы келеби, келбейби? Ушундай ийненин үстүнө туруунун зарылыдыгы барбы, же жокпу? -деп сурады Шумкарбек Жумакеев.
Алтын кендеринин иштешине каршы онго жакын адамдар сүйлөгөндөн кийин сөз кезеги Алмаз Атамбаевге берилди.
-11-майда өзүмдүн кабинетимден мага уу берип, ошондон бери жакшы боло албай атам. Ошон үчүн келе албай аттым. Бүгүн деле айла жок келдим,- деп айтты премьер-министр.
Өкмөт башчы Кумтөр, Андаш кендеринде болуп жаткан чатактарга экс-президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын үлүшү бар деп төмөнкүчө айтты:
- Бир жумадан бери Кумтөрдүн кожоюндарын чакырып, биздин тараптан эксперттик топ түзүп туруп сүйлөшүү жүргүзүп атабыз. Бери жагы эле жарым миллиард долларга алданыптырбыз. Кимге ырахмат? Биздин Майрам апчеге ырахмат. Андашты Атамбаев ачканбы, аны деле Майрам апчебиз ачкан.
Сөздүн аягында Алмаз Атамбаев Андаш кени токтойт, ал эми Жерүй кени иштейт деп өкмөттүн чыгарган чечимин билдирди.Өкмөт башчынын билдирүүсүн эл нааразы кыйкырыктар менен кабыл алышты.
Кендердин иштешине каршы турган лидер Улукбек Осмонов: "Адамдар өздөрүнүн чечими менен жолдо шахматтык порядкада отурат. Ошолорду тебелеп туруп Атамбаев мырза ача берсин. Фамилиясы дагы Атамбаев экен го, ата берсин", - деп жолду тосо тургандарын билдирди.
Өкмөт башчы 200дөн ашуун жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан түзүлгөн коридор менен автоунаага барып түшүп, иш сапарын улантты.
Алмаз Атамбаев Талас районуна караштуу Кеңеш айылында жүзгө жакын жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, айылга 20 млн. сомго мектеп курула тургандыгын билдирди. Андан кийин жолугушуу ошол эле райондогу Көпүрөбазар айылында 300дөн ашуун айыл тургундар менен болду. Өкмөт башчы кайра Талас шаарын көздөй кайтып келе жатканда Талас районунун Аксай айылынын күн чыгыш жагында кендердин иштешине каршы турган 500гө жакын жергиликтүү тургундар Талас-Бишкек жолун тосуп, Атамбаев менен кайра жолугушту. Алар чет мамлекеттен көз карандысыз эксперттер келип кендерди толугу менен текшерсин, ошол убакытка чейин Жерүй кенинде иш токтотулсун деп талап кылышты. Ал эми өкмөт башчы Жерүй кенинде иш 28-майда кайра башталаарын билдирип, эгер алардын иши токтосо өкмөт компанияга айып төлөөрүн айтып, сапарын улантты. Митингчилер жолду толугу менен ачышты.