Түнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин президент менен өкмөт башчы апталарга созулуп кеткен саясий кризиске чекит коюлду деп жарыялашты:
- Украинадагы саясий кризис аяктады. Абдан узун жана оңой эмес сүйлөшүүлөрдөн кийин биз мунасага келдик, ушул аптада депутаттар шайлоо жөнүндөгү мыйзамды карашат,- деди Ющенко.
Янукович болсо келишимде шайлоодон тышкары башка маселелер да камтылды деди:
- Биз кол койгон саясий декларациянын жоболорунун биринде өз ыйгарым укуктарыбыздын алкагында гана аракеттенебиз, соттун, күч органдарынын ишине кийлигишпейбиз жана алардын стабилдүү иш алып барышын камсыздайбыз деп айтылат.
Эки лидердин ортосундагы тирешүү апрелде Янукович президент Ющенконун парламентти таркатып, эрте шайлоо өткөрүү жарлыгына каршы чыккандан кийин күч алган. Юшенко андай кадамын өкмөт башчы жана анын шериктери бийликти узурпациялоого аракеттенишүүдө деп түшүндүргөн.
Апталарга созулган кризис мамлекет башчы премьердин тарапкери болгон Баш прокурорду кызматынан алгандан кийин туу чокусуна жетти. Көп узабай Юшенко Ички иштер министрлигинин аскерлерин өзүнө баш ийдирип алды. Муну Янукович антиконституциялык жана кооптуу кадам деп баалады. Кечээ, Киевке өлкөнүн башка аймактарынан 2 миңдей милиция кызматкери тартыла баштаганда, саясий тирешүү күч колдонуу менен коштолуп кетет деген кооптонуу пайда болду.
Мунасага жетишилгенден кийин президент Украиандагы демократия принциптери буга чейинкиден да бекем болуп калды деди. Бирок, бийликтегилердин ортосундагы пикир-келишпестиктер дагы деле күчтүү.