Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

КЕМИНДЕГИ ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ 10-ИЮНДА БОЛОТ

Кечээ - 27-майда №57 Кемин шайлоо чөлкөмүндөгү алты участкада кайрадан шайлоо болуп өттү. БШКнын 28-майга караган түнү чыгарган чечимине ылайык эми аталган чөлкөмдө шайлоонун экинчи туру 10-июнь күнү болмокчу. Депутаттык мандат үчүн талапкерлер Сейтек Чалбаев менен Эрик Арсалиев атсалышмакчы.

Аталган чөлкөмдө шайлоонун биринчи айлампасы 29-апрель күнү болгон. Ал жолу төрт шайлоо участкасында одоно мыйзам бузуулар катталып, ал далилденгенден кийин 2-май күнү БШКнын көчмө жыйыны Кеминде өтүп, шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин кысымына карабай жокко чыгарган.

БШКнын мындай чечиминен соң талапкерлер Эрик Арсалиев, Сейтек Чалбаев жана Райымбек Шабданов шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу доо арыз жазышып, иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралган.

11-майда башталган соттук териштирүү 15–май күнү талапкер Сейтек Чалбаев менен Эрик Арсалиевдин пайдасына чечилген болчу.

Кечээ 27-майда болсо одоно мыйзам бузуу болду деп эсептелген алты шайлоо участкасында кайрадан шайлоо өттү. Шайлоонун жүрүшүнө байланыштуу Кеминдин тургундары "Азаттык" менен пикир алмашышты.

-Мен Кемин шаарчасынын тургунумун. Бүгүнкү шайлоодо жана ага чейинки үгүттөө иштеринде шайлоочуларды сатып алган фактыларды көрүп турдук. Ар бир айылдагы бир түтүнгө эки жүз сомдон беришти. Андан сырткары Кичи Кеминдеги жетимиш адамга миң сомдон берилип, ар бири ондон адам алып келсин деп айтылган сөздү баары эле айтат. Азыр баары акчага сатылат, аны кимден жашырабыз.

Ал эми экинчи бир кеминдик болсо таптакыр башка пикирде:

-Бүгүнкү шайлоодо мыйзам бузуулар болгон жок. Ушунча көп байкоочу турат, анан кантип мыйзам бузууга жол берилсин? Одоно мыйзам бузулуп жатат, деп айтылгандарга мен кошулбайм. Тескерисинче, баары ачык, элдин да добуш берүүсү жогорку деңгээлде.

Ал эми шайлоого баштан-аяк байкоочу болуп турган укук коргоочулардын бири Азиза Абдырасулованы сөзгө тартканыбызда ал:

- Эрик Арсалиевдин жактоочулары мыйзам бузганы жана ал талапкер административдик ресурстарды колдонгонун айтышыбыз керек. Бийликтин түздөн- түз колдоосу болсо эле баарын ачык жүргүзө бериш керек экендигин көрсөттү бул шайлоо. Добуштарды сатып алуу болгондугун жашырбай эле айта алам.

Маалым болгондой, кечээ - 27-майда округдук шайлоо комиссиясынын милдетин БШК аткарып, анын мүчөлөрү алты участкадагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турушту. Алардын бири Жылдыз Жолдошова шайлоо адаттагыдан башкача таза жол менен өттү деген пикирде:

-Биз сыртта эмне болуп жатканын билген жокпуз, бирок (шайлоо участокторунун) ичинде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Тескерисинче, башка шайлоолорго караганда бул жолу таза өткөрүүгө аябай аракеттендик. Маселен мен олтурган №24 шайлоо участкасынан өтө көңүл бураарлык билдирүү кылышкан жок. Бир аз актылар түштү, алар анчалык деле одоно мыйзам бузулду дегенге жатпайт.

Алты участкада өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгында жалпы катталган 4288 шайлоочунун 3609у добуш берген. Алардын 1847си Эрик Арсалиевди колдошкон, 1085 баарына каршы салган, 261 добуш Сейтек Чалбаевге берилген. Жыйынтыгында Эрик Арсалиев менен Сейтек Чалбаев шайлоонун 10-июнда боло турган экинчи айлампасына катышмакчы.

Жазгүл Жамангулова, Кемин шаары
Куржундар
XS
SM
MD
LG