Кеминдин Карабулак, Кичикемин, Тарсуу, Тегирменти, Кайыңды, Каралдөбө айылдарында өткөн кайрадан добуш берүүдө деле мурдагыдай эле мыйзам бузуулар катталганын байкоочуларын жөнөткөн биртоп бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү белгилешүүдө.
-Кемин шайлоо округундагы айрым шайлоо участокторундагы кайрадан добуш берүү калыс өткөн жок,- деп билдирди «Карылар үчүн ресурс борборунун» жетекчиси Галина Коваленко.
Анын айтуусунда, ресурстук борбордон 6 участокко 14 өкүл байкоочу катары жөнөтүлгөн. Шайлоочулардын добушун акчага сатып алуу, депутаттыкка талапкерлердин өкүлдөрүнүн шайлоо күнү элди участокко автоунаа менен ташуусу, тийиштүү документи жок келгендердин деле шайлоого катышуусу сындуу биртоп мыйзам бузуу фактылары катталган. Шайлоо участогуна ал жерде катталбаган кишилер келип добуш беришкен.
- Башка жерде катталышкан эле кишилер добуш берүүгө аракет кылышты. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кошумча тизмеге жашы он сегизге толо элек жаштарды жазып коюшкан. Тизмеге кошордон мурун алардын качан төрөлгөнүн, шайлоого укугу бары-жогун текшеришкен жок,- дейт Тегирменти айылындагы шайлоого байкоочу болгон Сапарбек кызы Салтанат.
Дагы бир байкоочу Айзада Юсупованын ырасташынча, Кичикемин, Тарсуу, Кайыңды айылдарында добуштарды сатып алуу аракети жасалды.
- Абыдан жаманы - акча салынган конверттердин таратылганы болду. Бекер тамак-аш, ичимдик берилди,- дейт ал.
«Эйджнет чек арасыз Борбор Азия» бейөкмөт уюмунун өкүлү Канат Касымалиев кайра шайлоодо мыйзам бузуулар мурдагысына салыштырмалуу көп болду деген пикирде.
- Талапкерлердин ыйгарым өкүлдөрү тарабынан шайлоочуларды массалык түрдө автоунаалары менен ташып келүү фактылары катталды. Акча таратуу, тамак-аш берүү аркылуу добуштарды сатып алуу аракетин атадык.
Бирок мындай бүтүм менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Айчүрөк Эшимова макул эмес.
- Кемчиликсиз шайлоо болбойт, кемчилик болот. Бирок тигилер ырдап аткандын бирөөсү болгон жок. Сырттан тигинтип атты, минтип атты деп жатышты. Биз өзүбүз көргөн жокпуз. Алар баарына каршы болсо экен, деп сүйүнүп жатышкан. Андай болбой калгандан кийин эми азыр жанталашып ар кайсыны чыгарып жатышат. Биз азыр ЕККУнун борборуна кат жазып жатабыз. Эгер ушундай ой менен, ушундай максат менен байкоочуларды жөнөтө турган болсоңор биз аларды жакын жолотпойбуз деп.
29-апрелдеги шайлоодон кийин № 57-Кемин округдук шайлоо комиссиясы таратылып, анын милдетин бул ирет Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аткарды. 28-май күнкү отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кемин шайлоосунда арбын добуш алган Эрик Арсалиев менен Сейтек Чалбаев 10-июнга белгиленген шайлоонун экинчи сыноосуна катыша тургандыгын жарыя кылды.
Э.Арсалиев жалпы шайлоочулардын 5672 добушун, анын атаандашы С.Чалбаев 2771 добуш алган. Күткөн талапкери чыкпай калганына териккен 4834 шайлоочу тизмеге кирген атаандаштардын баарын чийип салышкан. Ушул округдан депутаттыкка аттанган Бермет Акаеванын талапкерлигин Кемин райондук соту, кийин Жогорку сот алып салган болчу. Азыр бул иш Конституциялык сотто каралуу алдында турат.