Иран менен АКШ өкүлдөрүнүн ортосунда акыркы дээрлик 30 жылдан бери алгачкы ирет болуп жаткан расмий жолугушуу Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин Багдаддагы резиденциясында, туш тарабынан чычкан жойлогус кылып тосулган жашыл зонада өтүп жатат. Жолугушууга АКШнын жана Ирандын Ирактагы элчилери катышып жатышат. Сүйлөшүүнүн борборуна бир гана маселе-Ирактагы абалды турукташтыруу койулган. Жолугушуунун алдында журналисттерге берген маалыматында ал -Малики алдыдагы жолугушуу Иракта кызмат өтөп жаткан эл аралык аскерлерге карата калктын ишенимин арттырып, Иран менен АКШнын ортосундагы мындан аркы жолугушууларга жол ачат, деп билдирди.
"Бул сүйлөшүүдө жетишилген ийгилик эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимди бекемдей турганы бышык",- деп айтты Малики.
Жолугушуунун алдында эки тарап тең Ирандын ядролук программасына байланыштуу маселелер жана Иранда туткунда кармалып жаткан америкалык жарандар жөнүндөгү суроолор козголбой турганын билдиришкен.
Жекшемби күнү Ирандын маалымат каражаттары өлкөнүн чалгындоо кызматы өлкөгө тымызын кирип, тыңчылык кылып жүргөн америкалык жана батыштык агенттердин бетин ачканын билдирген. Бул окуяга байланыштуу Ирандын тышкы иштер министрлиги өлкөдө иштеп жаткан Швейцариянын элчисин чакырып алып, түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.
АКШ менен Ирандын ортосундагы дипломаттык байланыштар 1980-жылы Ислам революциясынан кийин үзүлгөн. АКШнын Иранда элчилиги жок, анын өлкөдөгү кызыкчылыктарын Швейцариянын элчилиги коргойт.
Бирок байкоочулардын баамында, Иран менен Американын ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болоору өтө күмөн. АКШ Иранды Ирактын шиит куралдуу көтөрүлүшчүлөрүн каруу-жарак менен тымызын колдоп жатат деп айыптаган. Американын Ирактагы аскерлери Ирандын жарандарын Ал-Каида согушкерлери деген айып менен туткунда кармап келди. Алардын айрымдары туткунда төрт ай өткөргөн соң гана бошотулду. Айрым туткундардын денелеринде кыйноолордун издери бар экенин кабарланат. Ошондуктан байкоочулар бул карама-каршылыктардын баары Иранды Ирактагы абалды турактыштырууга кызматташууга көндүрүүгө кедерги болот деп эсептешет.
Баян Жумакадыр кызы, Прага