Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

ТАЛАС: КАМАКТАГЫЛАРДЫ БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫП ЭЛ ЧЫКТЫ


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов Талас шаарына барып, милиция камакка алган адамдарды бошотууну талап кылып, эки күндөн бери облустук ички иштер башкармалыгынын алдында нааразылык билдирип тургандар менен жолукту. Ал бул маселени Бишкекке барып көтөрө тургандыгын айтты. 26-майда премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барып, эл менен жолугушуп кайтып келатканда анын жолун тоскон жоон топ премьердин машинесине таш ыргыткан эле. Азыр ошол ишке байланыштуу 8 киши камакта жатат.

Депутат Болот Шерниязов трибунага чыгып элге төмөнкүчө кайрылды:

- Урматтуу таластыктар мен сиздерге айтам, мейли армияны ойлобой эле коелу, милицияны эстебей эле коелу. Пенсионерлер, дарыгерлер, мугалимдерге мамлекет эмнеден төлөйбүз. Анда токтогулдуктар айтып атат, Токтогул ГЭСин биз алалы деп. Аларга берели. Мына азыр Канттан башталыптыр, цементти чыгарып атат, экологияга зыян экен, жабалы деп атат. Мен силерге айтам, эгерде “Жерүй” бир грамм зыян алып келе турган болсо аны жабабыз.

Облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында камакта отурган тургундарды колдоп, алардын чыгарылышын талап кылып эки миңден ашык эл келди. Соотбек Токтогазиев аттуу жарандын айтымында, ”бүт элдин барын камай албайт он кишини камап койсо жүз киши чыгат. Жүзүн камаса миңи чыгат. Бул бийлик өзүнө каршы элди коюп аткан көрүнүш.”/

Облустук администрацияга барып губернатор Байымбет Мураталиевдин айтымында, мындай нерсеге эч ким даярданган эмес. Өкүнүчтүүсү мамлекеттик кортежди токтотуп алып, суроолорго жакшы жооп берсе да ташбаранга алган бул эч бир мыйзамга сыйбайт.

”Уюштура албадыңбы, жооп бер мыйзамдын негизинде. Тартип болуш керек,”- дейт губернатор.

Бүгүн акцияда жети адамдын курамынан турган атайын комиссия түзүп, алардын ичине адвокаттар да катышып, кырдаалды толугу менен карай турган болушту. Күндүзгү саат ондон бери облустук ички иштер бөлүмүнүн алдында турушкан эл саат үчтө четинен тарай башташты. Кечкурун бул жакта 500дөй адам калды.

XS
SM
MD
LG