- Таластагы соңку окуялардан кабарыңыз бардыр. Алтын кендеринин иштетилишине каршы чыккандар жергиликтүү тургундардын башында турган делген адамдардын бир нечеси камакта отурат. Азыр ким туура, кимиси туура эмес кылганын айтыш кыйын. Эгер далил жетиштүү десе мыйзам боюнча милиция расмий айыпты үч күндөн кечиктирбей коюшу керекпи?
- Азыркы убактта Талас шаарынын облустук ички иштер бөлүмүнүн абагында 9 адам камалып жатат шектүү делген. Аларга Кылмыш-Жаза кодексинин 233-беренеси боюнча - бул массалык башаламандык , 340- берене - бул укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү үчүн, үчүнчүсү 341-берене – бул мамлекеттик кызматкерлерге каршылык көрсөткөн деген үч статьяны коюп иш козгоптур. Азыр тогуз адам камакта жатат. Мен бул жерде “Ата мекен” партиясынын координатору катары иш сапар менен келген элем, өзүмдүн лицензиямды албай келгендигиме байланыштуу кечээ күнү ички иштер башкармалыгына киргизбей койду. Ал жерде министрдин орунбасары Субанов Темиркан турган экен, эки жагыман 5-6 баланы көтөртүп түрүп эшике чыгарып кууп жибергендей кылды. Мына азыр менин лицензиям колума келди, азыр кирип так маалыматтарды алып чыгам. Бирок мага берген маалыматтарга карганда эң акыркы түнкү саат ондо Момунтайева Арзыканды алып киргизген, ага чейин 8 адам камакта болгон. Менин көз карашым боюнча буларды шектүү деп караганы туура эмес, анткени булар уюштуруучулар болгон эмес. Анткени кечээги, мурда күнкү окуяга эл өзү келген, премьер-министр Атамбаев келет деп чогулган, бул жерде митинг болгон эмес. Анткени Атамбаевдин келээри теледен, радиодон айтылган.
- Сиз айтып жаткан беренелер боюнча кандай жаза каралган?
- Бул беренелердин өзгөчө оору 340-берене болуп эсептелет. Анткени ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүү деген өтө оор. Ал боюнча 2 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат, өлүм жазасына тартууга чейин болот. Бул жерде таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Бул жерде милиция кызматкерлерине, же укук коргоо кызматкерлерине кол салуу факт болгон эмес. Бирок тилекке каршы оор беренелерди коюп атат. Бул жерде саясий багыт бар деген ойдомун.
- Бул жаатта окуянын өнүгүшүн убакыт көргөзөр. Сиз кандай деп ойлойсуз, Таластагы “Жерүй” чатагынын себеби эмнеде. Мисалы, бийлик өкүлдөрү айтып атат буларды козуткандар бар деп, бирок конкреттүү фамилиялар айтылган жок. Бирок чатак жүрүп жатканына бир жылга созулуп калды. Мунун себеби терең эмеспи?
- Мен толук маалыматтарды алыш үчүн айылдарды кыдырып элдин ичинен маалыматты алып атам. Кечээ күнү премьер-министр Атамбаев да айтып кетти, буларды козуткан бир адамдар, же күч бар болуш керек деп. Ошонун төгүнү барбы деп иликтөө жүргүзсөм, элдин баары айтып атат, муну эл өзү уюштуруп атат, анча-мынча колунда барлар малын, тыйын-тыпырын берип атат деп атат. Кен ачылсын дегендер да болуп атат. Аны кенди иштете турган компаниялардын жетекчилери уюштуруп жатат деген маалымат бар элдин арасында.
- Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Улан Эшматов, Прага