Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

ЭРИК МакГлинчи: «ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНДА ДЕЛЕ ПРЕЗИДЕНТКЕ ИШЕНИМ АЗ ЭКЕН»


Кыргыз бийлиги кыйла кемчиликтерди кетирип жатат. Өлкөнүн Ош жана Жалалабат облустарындагы адамдар бийлик элдин үмүтүн актабаганын айтышты. Мындай пикирин Вашингтондогу Жорж Мейсон Университетинин профессору, саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Эрик МакГлинчи Жалалабатка келгенде «Азаттыктын» кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Эрик МакГлинчи мырза, Ош жана Жалалабат облустарынын калк өкүлдөрү менен баарлашканда алар элдин бийликке ишеними тууралу эмне деп айтышты?

- Мен бул жолку өзүмдүн иш сапарымда жергиликтүү эл менен сүйлөшкөнүмдө Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясаты элге жакпай жатканын байкадым. Бул мен үчүн кызык көрүнүш болду. Анткени Курманбек Бакиев өзү ушул Жалалабат аймагынын кулуну, ушул жерден чыккан саясатчы экенине карабастан мындай көрүнүштүн болуп жаткандыгы бул өзүнчө кызык факт. Менин оюмча эл Курманбек Бакиевден ал президенттикке келгенде абдан көп нерселерди күткөн. Саясий жаңылыктарды, реформларды күткөн болуш керек. Мурда айтылып келгендей буга чейинки демократия ийгиликтүү болгон эмес. Ошол демократияны жаңы жолдо, жаңы багытта алып кетет деп К.Бакиевдин убадасы жана элдин үмүтү да чоң болгон. Бирок ошол үмүт эки жыл убакыт өтсө дагы акталбай, реформа жүрбөй жаткандыгы элдин бардыгына маалым. Бул элдин президентке болгон ишенимин азайтып, кыжырдануусун пайда кылып жаткандыгы ачык эле көрүнүп турат.

- Сиз пикирлешкен адамдардын айтымында бийлик кандай кемчиликтерге туш болууда?

- Чөлкөмдүн жашоочулары Курманбек Бакиевдин саясатын мурдагы президент Акаевдин саясаты менен салыштырып жатышат. Акаевдин тушунда экономикалык жактан өлкө өнүгө албаса дагы кандайдыр бир тартип, мыйзамдуулук сакталып келген. Азыр болсо эч кандай тартип жок, мыйзамдуулук эч кандай сакталбайт. Бул элди кыжырдантып, элдин күткөн нерсесинин ордунан чыкпагандыгынын дагы бир далили. Эч кандай мыйзамдуулук жана тартип жок.

- Сиз менен баарлашкандар өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык реформалардын жүрүшүнө кандай бааларын беришти?

- Албетте, Жалалабат шаары жана шаардын тегерегиндеги абал кайсы бир алыскы тоолуу айылдардагы абалдан өйдө болушу мүмкүн. Бирок дубандын борбору катары, дубанга жакын жайгашкан аймактарды көрүп мен социалдык абалдын төмөн экендигин дагы бир жолу көрдүм. Ошондой эле бул жердеги жергиликтүү элдин көңүл кошсуздугун, же президентке болгон ишениминин аздыгынын дагы бир себеби Бакиев өзү ушул жердин кулуну, ушул жерден чыккан адам катары Жалалабатка көбүрөк жардам берет, көбүрөк көңүл бөлүнөт деп жергиликтүү элди күткөнү албетте чоң болгон.

- Жообуңуз үчүн ырахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG