Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 18:59

А. МАТУБРАИМОВ: “АКШ АСКЕР БАЗАСЫН АҢТАРЫП ТЕКШЕРИП ЧЫГУУ КЕРЕК”


Соңку мезгилде АКШнын Кыргызстандагы авиабазасынын жайгашуусуна байланыштуу талаш-тартыш пикирлер күч алды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары базаны жайгаштыруу жөнүндөгү келишимди кайрадан карап чыгуу маселесин да көтөрүп жатышат. Алардын бири Алмамбет Матубраимов менен кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева маек куруп, анын себептерин билүүгө кызыккан эле.

-Алмамбет мырза, Жогорку Кеңештин жыйындарынын биринде АКШнын аскер авиабазасынын Кыргызстанда турушу мамлекеттин тышкы коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкун деп айттыңыз. Буга кандай негиздер бар?

-Ага Интернет баракчаларынын биринде Иранга байланыштуу согуш же тынчтык маселелери көтөрүлө турган болсо Ганси авиабазасы колдонулушу мүмкүн деген маалыматтын жазылышы негизги себеп. Бирок бул жерде бир эле тышкы эмес, ички коопсуздук саясаты бар. Биздин жаранды бир жоокери атып салды, самолетторубузду бузуп жатышат. Башка жерден биздин жарандарды ошол авиабазанын жоокери отурган машина уруп кетти деген маалыматтар да бар. Алардын дипломатиялык кол тийбестиги бар. Биз ошол кол тийбестикти карап чыгышыбыз керек. Бул биринчиден.

Экинчиден, дүйнөнүн бардык жеринде бирдей колдонулчу мыйзамдар бар, маселен учкучтар жана эл аралык аэропорттор тууралуу. Аларды эл аралык аэропорттордо эч качан аскерий база жайгаштырылбайт деп жазылып турат. Ал аткарылган жок.

Андан тышкары биздин аэропортко көп каражат берилди деп жатышат. Аны Каржы министрлигинин акыл-эстүү көп кызматкерлеринен уктук. Жашыруун түрдө “Манас” аэропортунун өнүгүүсү үчүн эки жылдан бери 17 миллиондон бардыгы 34 миллион доллар бердик деген так маалыматтар менде бар. Андан тышкары ошол базаны чыңдоо жана дары-дармек сактоо үчүн жер алдында эки кабаттуу жай курушкан жана аба мейкиндигин аныктоочу атайын станциялары бар деген маалыматтар бар. Биз мына ушуларды аныктап чыгышыбыз керек. Себеби, келишимде мыйндай маселелер каралган эмес. Абаны текшерүүчү жана самолеттердун учуусун иликтөөчү каражаттары бар деген маалыматтар айтылса алар “жок” деп чыгышкан. Демек, биз аларды изилдеп көрөлү.

Үчүнчүдөн, канча каражат келип атат, кайда кетип аткандыгы ачык көрүнүшү керек. Төртүнчүдөн, АКШ тууралуу сөз болсо эле коргоп чыга калган көптөгөн бейөкмөт уюмдар бар. Алардын айлыгын карап көргүлөчү – ким кайдан, канча акча алып жаткандыгы анык болот. Бешинчиден, Кыргызстанда Орусиянын да, АКШнын да базасы турат. Дүйнөдөгү ири карама-каршы эки державанын базасы. Дүйнө жүзүндөгү бир дагы мамлекетте мындай учур жок. Ошондуктан, биз бирине токтолушубуз керек.

Андан тышкары азыр Ооганстандагы абалды карап көргүлөчү, улам барган сайын террористтик актылар эмес өз мамлекетинин боштондугу үчүн күрөшкөн адамдар көбөйүп, талибдер кайрадан баш көтөрө башташты. Бул жагдай кандай болуп чечилээри азырынча белгисиз. А эгер согуш токтобосо база Кыргызстанда өмүр бою тура береби? Ошон үчүн мен Американын элчилигине кат жазып, кабыл алынган келишимдердин бардыгын карап жакшылап текшерип чыгышыбыз керек.

-Ушул авиабаза Кыргызстандын аймагында 2001-жылдан бери турат. Бирок, канча каражат келип жаткандыгы ачык болгон жок. Акаевдин бийлиги учурунда белгисиз болчу, Бакиевдин бийлиги учурунда деле ачык эмес. Март ыңкылабынан кийин ушундай маалыматтар ачыкка чыгат деп эл күткөн эле. Бирок, андай болгон жок. Буга эмне себеп?

- Акаевдин мезгилинде бул маалымат жабык болчу. Азыр ким тоскоолдук кылып жаткандыгын билемин.

-Ошол тоскоолдукту жасап жаткан адамдын атын ачык айта аласызбы?

- Азыр келишимге ким, эмне үчүн кол койгондугу жашыруун.

-Демек, сиз өзүңүз көтөрүп жаткан маселени кандай жол менен чечүүгө аракет кыласыз?
-Расмий түрдө кат жазып, Америка элчилиги менен чечем. Эгер жооп бербесе анда комиссия түзүп туруп, Кыргызстандын жеринде эмне болуп жаткандыгын текшерүүгө биздин толук акыбыз бар. Бул саясий чырды жаратышы мүмкүн.

Кыргызда “Чындык баардыгынан улук жана артык” деген сөз бар. Бирөөнү күнөөлөйүн деген оюм жок, бирок бир-эки кишини жоопко тартып, ар нерсени ордуна койбосок болбойт. Биздин мамлекетте кеткен кемчилик үчүн азырынча бир киши жооп бере элек.

-Кыргызстандын аймагында алты жылдан бери турган авиабазанын жайгаштыруунун мыйзамдуулугу жөнүндөгү маселенин азыр көтөрүлүп жаткандыгына Орусиянын кандайдыр бир деңгээлде таасири бар деп айрым саясатчылар айтып жатышат. Буга кандай дейсиз? Балким сиз көтөрүп жаткан маселе да ушундай кызыкчылыктан чыгып жүрбөсүн?

-Чындыгында Орусиянын кызыкчылыгы жок. Биз Коллективдүү коопсуздук уюмунун келишимине кол койгонбуз. Ал келишимде АКШнын базасы болот деп жазылган эмес. Бардыгыбыз бириккенден кийин анын милдеттенмелерди аткарышыбыз керек. Жаман көрөбү, жакшы көрөбү депутаттын мандаты менен тили бар болгондон кийин изилдеп чыгып, элге чындыкты билдиришибиз керек.

-Ошондой комиссия түзүлүп калса изилдөөгө күчү жетеби?

-Алы жете турган адамдарды коюшубуз керек да мурдагыдай көз жумдуулук кылбаш керек.

-Ганси авибазага байланыштуу талаш-тартыштуу маселелердин чыгып жаткандыгына “Манас” аэропортунун жетекчилигине Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыковдун дайындалгандыгы да бир себеп деген пикирлер бар. Себеби, айрым депутаттар ага ич күйдүлүк менен ушул маселени көтөрүп жатышат, бирок алар иштин аныгына жетүүгө чамасы жетпейт деп жатышат. Буга кандай жооп бересиз?

-Мен Үсөн Сыдыковдун баласынын дайындалгандыгынын туура же туура эместиг боюнча мен эч нерсе айта албайм. Эгер авиация боюнча билими жана тажрыйбасы жок болсо дайындаардан мурун жакшылап карап коюш керек болчу. Ал эми кадр саясатынын кайда кетип жаткандыгын айтпай эле коеюн, себеби айтып жатып жадап да, чарчап да жатабыз.

Негизинен, Ганси авиабазасына аэропорттун кийин дайындалган жетекчилеринин эч кандай тиешеси жок. Биз Ганси авиабазасын жайгаштыруу келишимине ким кол койгондугун гана тактап чыгышыбыз керек. Айрымдар Коопсуздук кеңеши менен элчилик ортосунда кол койгон дешет, кээ бири Тышкы иштер министрлиги кол койгон дешет. Алар кантип кол коюшат эле? Бул келишим мамлекеттер арасында гана түзүлүшү керек эле.

- Бул авиабазанын Кыргызстанда турушу жалпы Борбор Азиада коопсуздукту сактоого кепилдик берүүчү база болот бааланып келатат. Бул жагдайдан алганда, мындай талаш-тартыштар АКШ менен Кыргызстандын ортосунда мамилеге суук таасирин тийгизбейби?

- Эч кандай суук таасирин тийгизбейт. Баарын ачыкка чыгарышыбыз керек. Эмне үчүн биз башка бир мамлекеттен коркушубуз керек? Кичинекей же чоң мамлекетпи анын ичиндеги стабилдүүлүктү кандай кылып чече алат? Кыргыз элин бирөө келип багып бербейт, берсе дагы карызга берет. Азыр бир нерсе айтсаң эле оппозиция дешет. Оппозициянын дагы салмактуу, негиздеп, теңдөөчү оппозициясы бар. “Карагыла!” деп турганга оппозиция керек. Ошон үчүн бардык келишимдерди карап чыгышыбыз керек.

- Мына ушул маселелерди парламент көтөрүп чыга турган болсо аны , президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Алмазбек Атамбаев колдоп, чече алат деген ишеним күчтүүбү?

- Чечиш керек. Мамлекет калат, качан да болбосун жооп берүүгө туура келет. Башка бирөө буларды чечип бербейт, ошондуктан чечкиндүүлук керек. Бирок, салмактуу карап, саясий жактан Кыргызстанга залал тийбегендей кылып жасашыбыз керек.

- Сиз авиабазанын жоокерлерине берилген кол тийестик укугун кайра карап чыгышыбыз керек деп айттыңыз. Аны кароого Жогорку Кеңештин укугу барбы?

- Жогорку Кеңештин укугу бар. Себеп, мурунку келишимдерди денонсация кылууга парламенттин мыйзам ченеминдеги укугу бар.

-Андай демилгени депутаттардын бардыгы колдойт деген ишенимдесизби?

- Суроо берүү кыйын, жооп бериш андан кыйын. Кечирип коесуз, бул саясат.

-Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG