Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59

АКШнын АСКЕР БАЗАСЫ, ГЕОСАЯСИЙ ЖАНА УЛУТТУК КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР


Кыргызстанда акыркы жылдары Батышка, өзгөчө АКШга каршы маанай күч алды. Айрым саясатчылар муну Россия менен Кытайдын геосаясий аракеттери менен байланыштырса, башкалар АКШнын жеке катачылыктары менен байланыштырууда. Антибатышчыл маанайдын пайда болушунун чыныгы себеби эмнеде? АКШ менен байланышты начарлатуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келеби?

Кыргызстанда Батышка каршы маанайдын тамырларынын бири Эл аралык каржы уюмдарынын кредиттери коррупцияны күчөтүп, аягында мамлекетти карызга батырып койгонунда. Эгерде Батыштын финансылык жардамы экономиканын көтөрүлүшүнө алып келгенде тескери реакция болору да турган иш эле.

Албетте, АКШнын Ирактагы согушу, Кыргызстанда болсо Александр Ивановдун өлтүрүлүшү, учактардын кагылышуусу, андан сырткары база үчүн төлөнүп жаткан каражаттардын эң башынан баштап эле мамлекетке эмес, тар чөйрөнүн пайдасына түшүп жатканы элде АКШга иренжүүнү, бери болгондо кайдыгерликти пайда кылды.

Мына ушундай маанайдын күч алып келе жатканын Россия жана Кытай пайдаланып, 2005-жылы эле Шанхай кызматташуу уюмунун Астанадагы саммитинде Манас аба майданындагы АКШнын базасын чыгаруунун мөөнөтүн тактоону талап кылуусуна алып келди.
Быйыл Шанхай кызматташуунун уюмунун Бишкектеги саммитинин алдында Жогорку Кеңештин бир катар комитеттери жана Россияга жакын саясий партиялар АКШ базасын чыгаруу маселесин парламенттин күн тартибине коюп, аны жүзөгө ашыруу үчүн кадамдарды жасоодо. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов комитет жыйынында базага баруучу жолду тосуу үчүн шайлоочуларын көтөрүп чыгаарын ачыктаган:

-Мен бул округдун депутаты катары айтаарым, эгерде комитет базаны жабуу тууралуу чечим кабыл алса, анда мен өз шайлоочуларымды көтөрүп чыгып, Ганси базасына баруучу жолду тостурам.

Акыркы кезде коомчулукта кызуу талкуулана баштаган АКШ базасынын Манаста туруусу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келеби? Бул суроого белгилүү саясат таануучу Зайнидин Курманов мындайча жооп берет:

-Албетте туура келет. Белгилүү болгондой Ооганстанда талиптер баш көтөрүп, согушту улантууда. Экинчиден, экономикалык кызыкчылык бар. Азыр АКШнын базасынан каражат түз бюджетке түшүп жатат. Үчүнчү саясий кызыкчылык, Кыргызстанда америкалык база болбосо бул жерде Кытайдын да, же Россиянын кызыкчылыгы болбойт эле.

Саясат таанучунун пикиринде, базага каршы аракетте геосаясий кызыкчылыктар турат:

-Бул жерде геосаясаттын натыйжалары көрүнүп турат. Россия менен Кытай бул маселе боюнча өз кызыкчылыгын билдирип койду.

Ошондуктан биздин саясатчылар улуу мамлекеттердин эмес, өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга койсо туура болмок, дейт Курманов.

Бирок азыркы кезде да база тарабынан жасалып төлөмдөр боюнча ачыктуулуктан көрө суроолор көп. Белгилүү болгондой өткөн жылы коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов АКШ делегациясы менен сүйлөшүү жүргүзүп, база үчүн жылдык төлөм 150 миллион доллар болорун жарыялаган. Бирок ал суммага АКШ бардык тармактар боюнча Кыргызстанга берип жаткан каражаттар киргизилгени кийинчерээк айкын болгон. Бюджетке болсо жыл сайын 17 миллион 500 миң доллар төлөнөрү аныкталган. Каржы министрлигинин кирешелер боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкери Диляра Ишалинанын маалымдоосуна караганда, жаңы келишим боюнча АКШ өткөн жылдын акыркы үч айынан баштап төлөй баштаган.

-Ал каражаттар Улуттук банктын эсебинде жатат.Алар пайдаланыла элек. Акчалар өткөн жылдын акыркы үч айы жана быйылкы жылдын үч айы үчүн төлөнгөн. Жылдык төлөмдүн көлөмү 17 миллион 500 миң доллар. Демек, эсептеп келгенде 8 миллион доллардан ашык каражат эсепте турат,- дейт Диляра Ишалина.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG