Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

МЕКЕН САКЧЫЛАРЫНЫН 15 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ ШАҢДУУ БЕЛГИЛЕНДИ


Эгемендүү өлкөнүн аскер күчтөрү он беш жылда калыптанганы менен кийинки эки жылда гана реформа боло баштаган. Мына ушундай пикирди мамлекет башчы Курманбек Бакиев Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн мекен сакчыларынын 15 жылдык мараакесине арналган салтанаттуу жыйында белгиледи. Салтанатта айрым аскер кызматкерлерине өкмөттүк жана коргоо министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

Салтанаттуу жыйынга катышкан президент Курманбек Бакиев өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн курамын 15 жылдык мааракеси менен куттуктап, кыргыз армиясынын күжүрмөн даярдыктары мыктылыгын, аскер тармагы эки жылдан бери реформаланып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчы аскер кадрларын даярдоого басым жасоонун, алардын социалдык көйгөйлөрү чечилип жатканын, Баткен окуясы чоң сыноо жана сабак болгонун айтты.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, аскердик доктрина кабыл алынып, куралдуу күчтөр реформа болууда. Анда 2010-жылга чейин Кыргызстанда профессионалдык армия түзүү маселеси каралган. Кыргыз аскерлеринде азырынча курал-жарак жетиштүү. Аскерлерде кийинки жылдары жаңылануу, байкалаарлык өзгөрүүлөр болууда.

Кыргыз аскер тармагында бир жылдык жоокердик кызмат киргизилгенин, улуттук аскердик белгилер кабыл алынып, айрыкча эки жылдан бери мамлекет башчысынын камкордугу менен аскер кызматкерлердин турмуш абалдарын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын өлкөнүн коргоо министри Исмаил Исаков белгиледи.

-Аскердин эң башкы милдети – Mекенди коргоо. Качан гана ок-дары болуп, күйүүчү майы берилип турса, жоокерлердин кийимдери, жаткан жана жууна турган жерлери жакшына болсо, ошондо гана жоокер ар-намыс, патриоттуулук, мекен жана милдет жөнүндө ойлоно баштайт.

Баткен окуялары (1999 - 2000) кыргыз аскерлери үчүн чоң сыноо болду. Кыргызстандык жоокерлер баскынчыларга сокку бергени менен чама-чаркы чакталуу экени көрүнүп калган. Мына ошол окуядан кийин кыргыз аскерлерине көңүл буруу керектиги, материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылчылыгы айкын билинди дешет аскер адистери.

Аскер кызматкерлеринин пикиринде аскерде кызмат өтөөнүн кадыр-баркы өсүп баратат. Бирок аскер кадрларынын даярдыгына өзгөчө көнүл буруу керектигин, аларды Орусиядагы Аскер Академиясынан окутуунун зарылдыгын ички аскер кызматынын майору Шамшидинов айтты.

- Эми мына улуттук белгилер тагыла баштады. Азыр эл аскер кызматына башкача карай баштады. Аскерде кызмат өтөгөндөр кызмат өтөбөгөндөргө караганда жумуштарга да тез, оңой алынып жатат.
Чек ара кызматынын тарбиялык иштер боюнча башкармасынын жетекчиси, полковник Мирбек Койлубаевдин пикиринде армиядагы социалдык, материалдык камсыздоо маселелердин чечилбегендигинин жаш адистер башка иштерге кетип жатышат.


Орус армиясында 25 жыл кызмат өтөп келген запастагы полковник Тилек Кыдыралиевдин айтымында, кыргыз аскеринин даярдыгы начар, аскер наамдары тааныш - билиштик менен берилип, коррупция күчөгөн. Полковниктер башкара турган аскер бөлүктөрүн генералдар башкарып, алар үчүн казынадан көп каражат кетүүдө. "Андан көрө ошол каражатка бир ротанын жоокерлерине тамак-аш, кийим-кече берилсе дурус болмок",- дейт запастагы полковник Тилек Кыдыралиев.

Жыйында ошондой эле айрым аскер кызматкерлерине Кыргыз өкмөтүнүн жана Коргоо министрлигинин грамоталары, кезексиз аскер чиндери жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Президент Жалалабат облусунун аскер комиссары Рысбек Мирзаматовго “Даңк” медалын ыйгарды.
Салтанат аскер жана кыргыз маданият ишмерлеринин чоң программадагы концерти менен коштолду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG