Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

БИРИККЕН ФРОНТ ЭЛДИК ЖЫЙЫНГА ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ


«Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронт оппозициялык кыймылы өз ишмердигине тактикалык өзгөртүү киргизип жатат. Кыймылдын 2-июнга белгиленген экинчи элдик жыйынында талкуулана турган башкы маселелердин бири ушул болот. Келерки элдик жыйын ошондой эле биринчи элдик жыйын бийликке койгон талаптарынын аткарылышын талкуулайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ар намыс" партиясынын жетекчилеринин бири Эмиль Алиев билдирди.

- Апрелдеги митингдерден кийинки алгачкы элдик жыйын деген кеңешме Байтик айылында ачык асман алдында өттү эле. Эмки жыйынды баш калаадагы спорт сарайына белгилеп жатыпсыздар. Азыр сиздерге ижарага имарат берүүдөн чочушпайбы, эгер баш тартышса эмне кыласыздар?

- Азырынча эч кандай тоскоолдук боло элек. Мурда пландаштырылгандай эле спорт сарайында өткөрөбүз.

- Өткөндөгү элдик жыйында Конституциялык реформа, куугунтукту токтотууну талап кылдыңар эле. Соңку окуяларга караганда Конституциялык реформа бери дегенде күзгө чейин калды окшойт. Балким андан да ары созулуп кетиши мүмкүн. Ал эми куугунтук токтодубу?

- Жок, куугунтуктар токтогон жок, кайра күчөп атат. Күнүгө бирден киши чакырып алып туруп камаганга, коркутканга аракет кылып атышат.

- Демек ошондой мамилеге фронттун, же сиздердин партиянын катардагы мүчөлөрү кабылып жатат го. Эгер саясатчылар кабылса белгилүү болот эле?

- Жалаң гана биздин партиянын жана фронттун мүчөлөрү эмес. Бизге жардам берген жөнөкөй кишилерди коркутканга аракет кылып жүрүшөт.

- Апрелде сиздердин кыймылга ар кандай статуста бир топ саясатчылар кошулду эле. Арасында мурдагы бийликте иштегендер да бар болчу. Азыр кандай, мисалы жетекчиликтеги курамыңыздар өзгөрүлүп жаткан жокпу. Дегеле оппозицияда кайрадан биригүүлөр, уюшуулар күзгө барып билинет го?

- Ар кандай кыймылдар болуп атат, кээ бирлери кошулуп атат, кээ бирлери кетип калган учурлар деле болуп атат. Бул табигый көрүнүш деп айтсак болот. Бирок бириккен фронттун мүчөлөрү, жетекчилери кийинки кадамдар кандай болот, мыйзам чегинде жасап, ошолор ишке аша тургандай кылып, экинчи эл жыйынына чыгарып, алардан сурап чечимин бекитип берсе ошону менен иштейт.

- Элдик жыйынга мурдагыдай эле өлкөнүн бардык облустарынан делегаттардын келери күтүлүүдөбү?

- Ооба, мурунку биринчи жыйынга катышкан 500 делегат, аларга кошумча дагы 500 делегат келет. Мурда жөнөкөй элдер келген, эми саясатчылар, саясий партиялардын өкүлдөрүн, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн чакырабыз.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG