Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ТАЛАС: ЧЫҢАЛГАН КЫРДААЛДАН ЧЫГААР ЖОЛ БАРБЫ?


Таласта алтын кендерин иштетүүгө каршы топтун өкүлдөрүн камактан бошотууну талап кылган митинг бүгүн да улантылганы жатат. Өткөн ишембиде премьер- министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурда болгон башаламандыктан кийин милицияны уюштурууга тиешеси бар делген 10 адамды камакка алган эле. Камалгандарга коюлган айып расмий түрдө бүгүн угузулушу мүмкүн. Таластагы соңку окуялар тууралуу Жогорку Кеңештин бул чөлкөмдөн шайланган депутаттарынын бири Жусуп Иманалиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Сиз дагы өткөн аптада премьер-министр менен Таласка чогуу барып, орун алган окуяларга күбө болгонсуз. Түрдүү версиялар айтылып жатат. Премьер министрдин өзү анын кортежине кол салуу алдын ала пландалган болушу мүмкүн деп эсептейт экен. Бул тууралу журналисттер менен болгон маегинде айтты. Сиз кандай деп ойлойсуз, ошол башаламандык жөн эле кызылкандуулуктан улам чыгып кеткен жокпу?

- Жаңы барганда премьер-министрди эл абдан жакшынакай кучактап тосуп алышты. Кайра кайтып келе жатканда “Жерүй” ачылат, биринчи күндөн баштап иштейт деп айтканда эл тосуп алып, өздөрүнүн талабын коюп, Таластын экологиясын бузбайт деген тыянак керек көз карандысыз эксперттерден деп талапты коюшту, ошого чейин алтын кени иштебей турсун деп.

Анан бир маалда эле кайдан-жайдан таштар ыргытылып кетти, ошол жерден чаң-тополоң болуп, премьер-министрдин машинесине тийип, коштоп жүргөн машинелерге таш ыргытылып кетти. Мен өзүм да байкап калдым, ошол жерде жүргөн лидерлер, азыркы камалып аткан адамдар элдин тынчтыгын сактап, сүйлөбөгүлө, тынч тургула деп алдында турушкан. Кайдан-жайдан арттан эле таштар ыргытылып кетти, провокация болуп кеткендей болуп кетти.

Кечээ күнү өзүңүз деле кабардар болушуңуз керектир, 10 кишини чыгарыш үчүн бир эле Талас району эмес ылдыйкы Бакайата, Карабуура, Манас районунан элдер топтолуп, базар, дүкөндөр жабылып, ИИБ алдында тынч митинг кылып турушту. Алар да айтып атышат ушул турган лидерлердин эч күнөөсү жок, тескерисинче ошол жерде бейбаштык болуп кетпесин деп элдин тынчтыгын башкарып турган балдар бейкүнөө бүгүн камалып атат деп. Митинг бүгүн да уланат болуш керек. Кечээ күнү премьер-министрге сессиядан да айттым, кийин өзүнүн кабыл алуусунда да болуп балдарды бошотуп берүүсүн сурандым. Ал айтып атат, өзүң кошо барып көрдүң, азыр балдарды чыгарып жиберсек кайрадан Кыргызстанда ушундай чатактар уланып кетпесин деп.

- Аларга кандай мамиле жасалары, албетте, бүгүн белгилүү болсо керек. Өкмөттүн чечимине ылайык “Жерүйдөгү” иш улантылышы керек, эгер өкмөт тиешелүү келишимди өзгөртө албаса, парламенттин да күчү жеткен эмес буга. Демек эми компаниянын иштешине шарт түзүп берүү керектир. Ал өз милдеттенмелерин кандай аткарары жарым жылда, эң көп дегенде бир жылда белгилүү болот да?

- Ооба, ошондой болот болуш керек. Премьер-министр кечээ айтты: “Жерүй” алтын кени сөзсүз иштейт, бул өкмөттүн чечими, биз ушундай кабыл алдык деп. “Андаш” боюнча эксперттердин корутундусунан кийин гана белгилүү болот деп кабарлады. Бей күнөө камалып аткан 10 лидердин тагдыры 2-3 күндө чечилет болуш керек. Аларга санкция берет, же кайрадан бошотобу.

- Жогорку Кеңештин депутаттары аларга кепилдик бере албайсыздарбы?

- Кепилдик беребиз аларды чыгарганга. Бирок аларды бошотобу бошотпойбу аны ички иштер органдын өкүлдөрү билет болуш керек.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG