Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:49

БРИТАНИЯ ОРУСИЯДАН А.ЛУГОВОЙДУ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Британия «Александр Литвиненконун өлүмүнө тийиштиги бар болушу мүмкүн» деген айыпты орусиялык ишкер Дмитрий Ковтунга да тагышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда, «Интерфакс» маалымат агенттиги Москвадагы жана Лондондогу айрым инешимдүү малымат булактарына шилтеме жасап кабарлады. Анткен менен Москвадагы британ элчилиги муну четке какты. Британия азырынча бир эле адамга айып тагып, аны Лондонго өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бул – Андрей Луговой.

Британия ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү боюнча айыпталып жаткан орусиялык Андрей Луговойду Лондонго өткөрүп берүүнү расмий түрдө орус бийликтеринен сурады.

- Бүгүн эрте менен мен А.Луговойду Лондонго өткөрүп берүүгө байланышкан бүт кагаздарды Орусиянын Тышкы иштер министрлигине тапшырдым, - деди дүйшөмбүдө Санкт-Петербургда өткөн маалымат жыйынында Британиянын Москвадагы элчиси Энтони Брентон.

Орусиянын Башкы прокурору Юрий Чайка, бирок, Москва Луговойду Лондонго өткөрүп бербей турганын, анткени бул өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келээрин айткан. Орусия Луговойду айыптап жаткан документтерди жакшылап текшерип, эгер анын күнөөсүн далилдеген маалыматты чындап эле ишенимдүү деп тапса, аны Москвада эле соттой турганын билдирген.

Орусиянын Баш прокуратурасынын мурдагы кызматкери Юрий Костанов да ушундай эле пикирде.

- Менимче, шектелип жаткан адамды алар азыр алышы өтө эле күмөн болуп турат. Эгерде Орусиянын өзүндө Луговойго каршы эч кандай иш козголбосо, кийин ал башка чет-өлкөлөргө барууну каалап калса, ашол жактан алар Луговойду кармашы мүмкүн. Бирок бул укуктук жактан такыр туура келбеген спекуляция гана болот. Анткени орус Баш мыйзамына ылайык, биз өзүбүздүн жарандарды башка мамлекетке өткөрүп бербейбиз. Навада биздин жарандар чет мамлекетте кылмыш жасашса, аларды биз өзүбүздүн өлкөдө гана соттоп, жоопкердикке тарта алабыз. Алар Британияга, же башка мамлекетке өткөрүлүп берилбеши керек. Мыйзамдарда ушинтип айтылат. Бул – жалпы эле дүйнөлүк практика. Эч кайсыл мамлекет өзүнүн атуулун башкаларга өткөрүп бербейт.

Анткен менен, британиялык элчи Э.Брентон А.Литвиненкону Британияда өлтүрүп кетишкендиктен алар бул боюнча өтө кыжаалаттанып жатышканын айтат. «Көптөгөн адамдар залал тартышы мүмкүн эле», - деген элчи, айыпталган киши Лондондо соттолушу зарылдыгын белгиледи.

- Биз ал кылмыш боюнча айылталып жаткан киши сөзсүз Британияда соттолушун каалайбыз. Андыктан орус бийликтери биздин суранычка тезирээк оң жооп кайтарышат го деп күтүп жатабыз, - деди британ элчиси.

Орусиянын Мамдумасында Коопсуздук Комитетин жетектеген Владимир Васильев «Андрей Луговойду Орусия азыр Лондондо жүргөн Борис Березовскийге алмаштырышы да мүмкүн» экенин кыйыткан болчу. Бирок британиялык «The Independent» басылмасы шейшембиде жазгандай «Расмий Лондон буга каршы».

Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненко Кремлди катуу сындап келгендердин бири эле. Британиядан башпаанек алган Литвиненко былтыр ноябрда Лондондо радиоактивдүү «Полоний 210» деген заттан ууланып өлгөн.

Лондон Литвиненконун өлүмү боюнча айыптап жаткан Андрей Луговой да мурда Орусиянын жашыруун кызматтарында иштеген. А.Литвиненко полонийден ууланып, өзүн начар сезип калган күнү Луговой аны менен жолугушкан экен, бирок Луговой өзү Литвиненконун өлүмүнө эч тийиштиги жок экенин айтып келет.

Александр Литвиненко болсо өлөөр алдында, анын ууланышына орус президенти Владимир Путинди айыптаган. Кремль буга эч тийиштиги жок экенин билдирди.

А.Литвиненконун өлүмү менен байланышкан маселе Орусия менен Британия алакаларына терс таасирин тийгизгени айтылууда.

 

XS
SM
MD
LG