Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

РОССИЯ ЖУРНАЛИСТТЕР ҮЧҮН ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ӨЛКӨЛӨРДҮН БИРИ


28-майда Москвада журналисттердин эл аралык конгресси өз ишин баштады. Журналисттер эл аралык федерациясы өткөрүп жаткан бул жыйында башка маселелердин катарында Россиядагы журналисттердин ар түрдүү коркунучтарга дуушар болуп жатканы жана абалды жакшыртуунун жолдору талкууланууда. Россия журналисттер үчүн эң кооптуу делинген өлкөлөрдүн бири.

Журналисттердин Эл аралык Федерациясы 1926- жылы түзүлгөн, анын катарында 150 өлкөнүн жарым миллионго жакын журналисти катталган. Журналисттер федерациясынын баш кеңсеси Брюссель шаарында жайгашкан. Уюмдун конгресси ар үч жылда бир өткөрүлөт. Мындан мурдагы конгресс Грецияда, быйылкысы болсо Россияда өткөрүлүп жатат.

Журналисттерди Коргоо институтунун башчысы Родни Пиндердин айтымында, 1996-2006-жылдардын аралыгында дүйнө жүзү боюнча бир миңден ашык журналист киши колдуу болуп өлдү. Өткөн жылы эле маалымат каражаттарынын 168 кызматкери мерт болду, ал эми быйыл андан да көп болчудай. Өткөн төрт жарым айдын эле ичинде 80 журналист кызматын аткарып жүрүп курман болушту.

Журналисттер эң катуу коркунучка кабылган үч өлкөнүн катарында Ирак, Колумбия жана Россия киришти. Журналисттерди бат эле, эч кандай коркунучка кабылбастан, арзан эле жок кылса болот. Көпчүлүк убакта аларды өлтүрүүгө буйрук берген, буйрукту ишке ашырган адамдар ың-жыңсыз табылбастан кала берет",- деп айтты Родни Пиндер.

Бул жерден Россияда киши өлтүрүүлөрдүн кеминде 80 процентинин бети ачылаарын, ал эми журналисттердин өлүмүнө байланыштуу иштердин болгону 11 проценти эле ачылып жатканын айта кетели. Журналисттер федерациясынын маалыматы боюнча, 1993-2007- жылдардын аралыгында Россияда 289 журналист өмүрүнөн айрылды. Алардын эң жашы- 19да, эң карысы - 80 жаштагы ардагер болчу.

Россия парламенттинин көз карандысыз депутаты Владимир Рыжков өлкөдө коррупция менен кылмыштуулук өтө кеңири кулач жайганын бул проблемаларды козгоо коркунучтуу экенин айтат.

-Бизде журналисттер корголбойт, ошон үчүн бул кесип коркунучтуу. Ар түрдүү терс көрүнүштөр, коррупция жана кылмыштуулук бизде өтө жогору болгондуктан, бул жөнүндө кеп козгоонун өзү өтө кооптуу болуп калды,-дейт Рыжков.

Россияда киши колдуу болгон беш журналисттин өлүмү али ачыла элек, булар Валерий Иванов, Эдуард Маркевич, Дмитрий Холодов жана Владимир Кирсановдор. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун медия эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Миклош Харатси бийликтердин мындай кенебестиги зордукчул аракеттердин күч алуусуна гана өбөлгө болуп жатканын айтат.

-Кугунтуктоолор, кол салуулар жана киши өлтүрүүлөр сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатат. Мунун баарына бийликтердин буга жол берип жатканы өбөлгө түзүүдө ,- дейт Харатси.

Ушунчалык кейиштүү абалга карабастан, конгресстин кайтоолдогон чакыруусун Россиянын президенти этибарга алган жок. Ал эми чакрууну алгачында кабыл алган Советтер Союзунун алгачкы президенти Михаил Горбачев конгресс башталаардын жуп алдында ага келүүдөн баш тартты.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG