Америкалык миллиардер Жорж Соростун “Ачык коом” институтунун кеңешчиси, социолог Кайен Тажбахш Ирандын коопсуздугун бүлүнтүүнү көздөгөн, чет мамлекеттин пайдасына пропаганда жүргүзгөн деп айыпталды. Кайен айым АКШдагы Колумбия университетинин доктору, Нью-Йорктогу Жаңы мектептин профессору. Учурунда Дүйнөлүк банкта да иштеген.
Вашингтондогу Вудро Вильсон атындагы изилдөө борборунун кызматкери Халех Эсфандиариге да ушундай эле маанидеги айып коюлду. Бийликтер аны Ирандагы ислам өкмөтүн кулатуу үчүн тыңчылар тармагын түзүүгө аракет кылган дешет.
Ырасмий айып тагылгандардын үчүнчүсү – АКШ өкмөттү каржылаган “Фарда” радиосунун кабарчысы Парназ Азим.Чалгындоо мекемелеринин доосунда Азим айым Иранда “түстүү ыңкылаптар” үлгүсүндө коомдук козголоң уюштурууну көздөгөнү айтылат.
Айыпталган үч аялдан экөө - Тажбахш менен Эсфандиари камакта.Азим айымды болсо жакында түрмөдөн чыгарышты, азыр ал качан башталары белгисиз сот процессин күтүп жатат.
Ырасмий Вашингтон иран бийликтеринин бул кадамын айыптады. Бул аялдар Ирандын коопсуздугуна кандай коркунуч келтире аларына түк түшүнбөйм, деп айтты мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак.
Ирандагы адам укуктары лигасынын башчысы,ушу тапта Парижде жашаган Абдолкарим Лахиджи революциячыл сот жана коопсуздук министрлиги ким-бирөөнү айыпка жыгарда ушундай аныктамаларды колдонорун айтып, бул капкандын жаагы өтө катуу экенин эскертти.
Human Rights Watch уюму жана америкалык гезиттер Калифорния университетинин өкүлү, жарандык бейпилдик борборунун башчысы Али Шакери да жакында Иранда дайынсыз болуп кеткенин кабарлашып,кийин аны да камакта экен деп айтышкан эле. Иран сотунун өкүлү Али Жамшиди кечээки пресс-конференцияда Шакеринин камакта эместигин ырастады, бирок анын кайда экенин айткан жок.
Быйыл мартта ФБРдин мурдагы кызматкери Роберт Левинсон Иранга караштуу Киш аралына келип,ошондон бери дайыны чыкпай калды. Вашингтон муну да Тегерандын иши деп ойлойт, бирок Иран буга караманча тиешеси жоктугун айтууда.