Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

АКШ СУДАНГА ЖАҢЫ САНКЦИЯЛАРДЫ ЖАРЫЯЛАДЫ


АКШ президенти Жорж Буш Судан өкмөтүнө каршы жаңы санкциялар кабыл алынганын жарыялады. Дарфурда гуманитардык кыянат уланып жаткан учурда Вашингтон бул жаңжалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууну күтүп отура албастыгын айтып, Буш Улуттар Уюмун да ушундай кадамга чакырды.

Жорж Буштун айтымында, АКШда жана эл аралык коомчулукта судан президенти Омар Баширге кысым жасоонун мындан башка аргасы калган жок. Дарфурдагы калк судан өкмөтүнөн көптөн бери жабыркап келатат, деп айтты Буш. Провинциядагы кызыл кыргынга, сары сүргүнгө Хартум бийликтери кошо катышып жатканын белгилеп, Буш мунун баарын Вашингтон геноцид - тукум курут иши деп баалай турганын жана дүйнө жүзү бул апаатты токтотконго милдеткер экенин билдирди.

Жаңы санкцияларда Cудан өкмөтүнө караштуу отуз компанияга,ошондой эле Дарфурдагы кыянаттарды жең ичинен каржылаган төрт бизнесменге экономикалык жазаналар салынды. Алар мындан ары АКШнын финансылык жана банк системалары менен иштеше албайт,америкалык компаниялар болсо Судан менен эч кандай ишкерлик байланыш түзбөйт.

Бу санкцияларга Буш өткөн айда эле кол коймок болгон. Бирок Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунга кырдаалга дипломатиялык ыкмалар менен таасир көрсөткөнгө мүмкүндүк берүүнү чечкен эле. Өткөн бир ай, Буштун айтымында, бөөдө кеткен мезгил болду. “Дарфурдун калкына убада берем: көңкү дүйнөнүн аброюна так түшүргөн бул кризиске Кошмо Штаттары көз жумуп отура албайт”,- деп айтты Буш.

Мамлекеттик катчы Кондализа Райс азыр Буштун тапшырмасы менен жаңы резолюция даярдап,аны Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине киргизгени жатат.Буш эл аралык коомчулук да АКШнын демилгесине кошулуп, Суданга экономикалык санкцияларды жарыялайт деп ишенет.

Буштан мурдараак Кытайдын Африкадагы өкүлү Лю Гуйцзинь да билдирүү жасап, Судандын экономикасына салынган кытай инвестицияларын жактап чыкты. Инвестиция санкцияларга караганда кандуу жаңжалды токтотуунун алда канча таасирлүү каражаты болорун белгилеп: “Ушундай шартта эл аралык коомчулук Судандагы бейпилдик процессине эмне үчүн көбүрөөк убакыт бере албайт?” – деп айтты ал.

Айрым байкоочулар кокус Коопсуздук Кеңешинде жаңы резолюция жактырылса, ага Кытай вето салышы ыктымал дешет. Ошол эле учурда Коопсуздук Кеңеши Дарфурда уланып жаткан зобун-зомбулуктардан улам кеңештин чыдамы түгөнүп баратканын эскертти. Өзгөчө Судан өкмөтү провинцияга Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүн киргизбей жатканы кеңештин чоң нааразылыгын жаратты.

XS
SM
MD
LG