ЭрЭс-24 аталыштагы жаңы ракета Орусиянын түндүк-батышындагы сынак жайынан учурулду. Стратегиялык Ракета Күчтөрүнүн кабарлашынча, ракета көздөгөн бутасына 5 жарым миң чакырым аралыктагы Ыраакы Чыгыштагы Камчатка аралына барып түштү.
Вице-премьер Сергей Иванов бул Тополь-Эм ракетасынын жаңы версиясы экендигин билдирди. Бул континенттер аралык баллистикалык ракеталар 10 миң чакырымга чейинки аралыктагы бутага сокку ура алат.
Бирок Британиядагы Жейнстин Маалымат тобунун өкүлү бул жаңы ракета же жаңыланган эски ракета экендиги белгисиз экендигин белгилөөдө.
Бул сынак АКШнын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгүн жайгаштыруу планына Кремлдин берген жообу болуп калды окшойт. Ушуга байланыштуу Орусиянын тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча лондондук эксперт Юрий Федоров соңку өзгөрүүлөр ядролук курал атаандаштыгын күч алдырышы мүмкүн экендигин Азаттыкка мындайча билдирди:
- Тилекке каршы, эгер Орусия эскерткендей, өлкө эми орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимден чыгып алса, Европада 1970, 1980-жылдардагыдай жаңы ракеталык кризиске түрткү бериши мүмкүн.
Бир эле мезгилде Федоров азыркы сынагы менен Орусия биринчи кезекте Батыш менен мамилесинде сөздөн ишке өткөндүгүн көрсөтүп жатат деп эсептейт. Анын үстүнө Орусияда ушул жылдын этегинде парламенттик, ал эми келерки жылдын мартында президенттик шайлоо өтөөрүн эске алганда, ракета сынагы Батышты гана эмес, орус элин да "бутага" алып жаткандыгын боолголоого болот.